www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга картошканы импорттоого убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Чектөө киргизүү маселеси Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана "Кыргыз Республикасынын картошка өстүрүүчүлөрүнүн кластери" ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылууларына байланыштуу каралууда.
Мындай чаранын зарылдыгы - картошка импортунун көлөмүнүн көбөйүшү менен байланыштуу, бул ички рынокто баанын төмөндөшүнө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн зыян тартып калышына алып келиши мүмкүн.
Министрлик тарабынан бул багытта жергиликтүү дыйкандардын кызыкчылыктарын коргоо жана ички рынокто картошканын баасын турукташтыруу максатында тиешелүү чараларды көрүү каралууда.