www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өз деңгээли, сүйлөгөн сөзү жана берген маектери менен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып келет. Ошолордун бири — учурдагы депутат Эрулан Көкүлов. Анын бир маектеги жооптору, эл өкүлүнө мүнөздүү болбогон мамилеси жана коомго карата кайдыгерлиги социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.
Бир кезде «Не сахар» долбоору аркылуу таанылып, элге социалдык маселелерди көтөргөн прогрессивдүү жигит катары көрүнгөн Эрулан Көкүлов бүгүнкү күндө таптакыр башкача образда. Эл өкүлү болуп шайлангандан кийин, коомдук ишмер катары көтөрүп келген идеяларынан алыстап, эл менен болгон байланышына көңүл бурбай калганын өзү да жашырбайт.
«Мен шайлоочуларым менен сөзсүз иштешип кийинки шайлоого келишим керек деп байланбайм», – деген Көкүловдун бул сөзү коомчулуктун сынына кабылып, шайлоочуларды сыйлабастык катары тепкиге калган.
Бирде маршрутка, бирде «Жип»
Көкүловдун берген маектеринин биринде ал:«Маршрутка менен жүрөм, айлыгым канча экенин билбейм» — десе, кыска убакыттан кийин эле:
«Жип айдайм, бензинге 3-4 миң куюп коём, маанилүү эмес» — деп карама-каршы билдирүүлөрдү берип, коомчулукту түшүнбөй калтырды.
Бул эки жүздүү мамиле — өз позициясы так эмес, эл алдындагы жоопкерчилигин толук сезбеген депутаттын типтүү мисалы катары бааланууда.
Көкүлов кайра шайланабы?
Эрулан Көкүлов өз маектеринде депутаттык мандатты анчалык деле көкөлөткөн кесип эмес экенин, кайра шайланууну максат кылбай турганын бир нече ирет билдирген. Бирок парламенттик шайлоонун жыты чыккан маалда эл менен мамилесин калыптандырууга аракет кылганы байкалууда.
Анын мындай «эстен кеч болуп ойгонгон» аракеттери коомчулукта «поюз өтүп кеткен» деген сын-пикирлерди жаратууда. Дал ушундай мамиледен улам, коомдун ишеними жоголуп, депутаттарга болгон терс көз караш күчөп келатат.
Көкүлов кимдин уулу?
Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов — белгилүү акын Калчоро Көкүловдун уулу. Атабыздын калеминен чыккан «Жыйырманчы жаз» аттуу чыгармасы эл арасында кеңири белгилүү. Мындай атактуу атанын уулу депутат катары коомго болгон жоопкерчилигин жогору коюп, оор басырыктуу, акылдуу, сынды уга билген эл өкүлү болгондо башка кеп эле. Тилекке каршы бүгүнкү жагдай башкача.
Чынында, депутаттык мандат — бул жеке эле ардак эмес, бул – эл алдындагы чоң жоопкерчилик. Эгер шайлоочу сенин күчүң менен мандат алып берсе, анын суроо берүүгө, сын айтууга укугу бар. Ага жооп бербеген эл өкүлү — элге эмес, өзү үчүн иштеп жаткан адам.
Азизбек Келдибеков, NazarNews