www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы Өзбекстандан жана Тажикстандан алынып келип жаткан дарбыз, коондорго көзөмөлдү күчөтүүнү суранууда. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Калыс Жумакановдун Айыл-чарба министрлигине жазган расмий катында айтылат.

Маалыматка ылайык, базарларды кыдырганда алынып келинген дарбыз менен коондордо нитрат нормасынан алда канча жогору экени ырасталган. Бул ден соолукка өтө кооптуу.

Мурда билдиргендей, Ош облусунун базарларында коңшу өлкөдөн келген дарбыз, коондорду сатып жатышкан. Андагы нитраттын нормасы 15 эсеге жогору экени аныкталды. Коондун баасы 30 сомдон 100 сомго чейин, ал эми дарбыздардыкы 100 сомдон 140 сомго чейин болууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости