www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик Дума Зеленскийдин Крым боюнча сунушун реалдуу деп атады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет Украинага Крымдын орусиялык статусун таануу сунушу реалдуу жана ишке ашат деп билдирди.

Буга чейин Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киев Москванын шарттарын аткарса, атайын операцияны каалаган учурда токтото аларын билдирген. Башкача айтканда, Киев Крымды орусиялык, ал эми Донецк менен Луганск Республикаларын көз карандысыз мамлекет катары таануусу керек.

"Эгер Зеленскийде бир тамчы болсо да абийир болсо, анда ал жылуу кабинетте отуруп, өз элин кан төгүүгө түрткөндү токтотуп, Орусиянын сунуштарын аткарат", - деп баса белгиледи Мамлекеттик Думанын депутаты.

Белгилей кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык ABC телеканалына берген маегинде, учурдагы кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн кайрадан сүйлөшүүлөргө даяр экенин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости