www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда уй этин өндүргөн улуттук союздун башчысы Роман Костюк Кыргызстандагы эттин сапатын баалап, анын атаандаштык жараткан артыкчылыктарын атап берди.

Белгилей кетсек, Бишкекте орусиялык компаниялардын көп тармактуу ишкердик миссиясы өтүп жатат. Анда Костюк буга чейин кыргызстандык ишкерлер менен жолугушууда өлкө эт жаатында атаандаштык жарата аларын айтканын билдирген.

"Орусия малды буудай менен семиртүүгө өтүп жатат. Орусиянын соңунан Казакстан да америкалыктардын таасири менен малды буудай менен семиртүүгө өттү. Биз болсо "токтой тургула!" деп айтып жатабыз. Кыргызстан — эң пайдалуу азыктардын, даамдуу эттин мекени. Бул мамлекетте эмне өндүрүлүшү керек? Тоолуу жерлерде кадимки чөп менен семирген малдын эти стейк менен эле эмес, пайдалуу жана форель менен да атаандаштык жарата алат", — деди Костюк.

Ал стейк рыногу үчүн күрөштүн фонунда Кыргызстан тоонун чөбү менен семирген малдын этин сунуштап жатканын айтып, алардын этинде омега-3 майлуу кычкылы омега-6 кычкылына караганда үч эсе көп экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, омега-3 майлуу кычкылы адам организми үчүн абдан пайдалуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости