www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-сентябрда Россиянын Курган облустук соту Мансуржан Р.ны 2012-жылы ишкер Наталья Аминова менен анын 8 жашар кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу URA.RU. сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы кыргыз жаран 16 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөйт.

Окуя болгон күнү Курган шаарынын кримавторитети сатып алуучу катары жергиликтүү тургундун үйүнө кирген. Тапанча менен коркутуп, кыргызстандыкты бычак менен аялды жана анын кызын өлтүрүүгө мажбурлаган. Андан соң ал айыпталуучуну жарадар кылган. Ал аман калып, полицияга кабар берген.

Кыргыз жараны өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтып, өкүм боюнча даттанууга ниеттенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости