www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кулжада эл менен жолугушууда Адахан Мадумаров «шляпа, плащты кандай кишилер кийет? Сабаттуу кишилер да... шляпа жоголгондон кийин баары кепка кийгенден баштап баары өлдү, чириди...
Азыр улуусу деле, кичүүсү деле кепканы баса кийишет. Көчөдө жүргөн шпанабы? Ким экенин билбейсин. Андайды илгери көчө балдары кийчу эле, азыр баары кепка кийишет, калпак жарашпай калган» деп бакылдады.
Адахан Мадумаровдун болгон деңгээли ушул экен. Болбосо күн санап өзгөрүп жаткан заман менен кошо баш кийим да өзгөрүп жатпайбы? Ошол эле шляпа, плащты учурунда гангстерлер да кийген.
Өзбектер ала чапанын качан эле чечкен, кыргыздар калпагын башынан түшүрбөй кийип, «калпак күнүн» да майрамдап жатабыз го. Тилинен чаң чыккан Адахан аны эмне үчүн айткысы келбейт?
Же Адахан Мадумаров «президент эмне үчүн калпак кийбейт, кепка кийет?» деп ошого байланыштырып бир чымчып өтүү максатында айтып жатабы?
Анда эле ал жанылышат. Себеби, Садыр Жапаров кепка эмес, бейсбол ка кийип жүрөт.
Булак: Азия News гезити