www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда «Бишкек ЖЭБ»индеги коррупцияга айыпталып жаткандарын үстүнөн соттук процесс бүгүн, 3-декабрда да уланды. Анда сот айыпталуучулардын сөздөрүн укту.

Анда алгачкылардан болуп сөз сүйлөгөн мурунку премьер-министр Сапар Исаков материалдардан эле сот аларды өзүнчө банда кылып салганын айтып, айыпталып жаткандардын ар бирине өз-өзүнчө токтолду.

Алардын бири мурунку Энергетика министри, кийинки депутат Осомнбек Артыкбаев тууралуу билдирип жатып, анын принципиалдуулугуна да токтолду.
Исаковдун айтымында, ал Осмонбек Артыкбаев менен ЖЭБди модернизациялоо процесси боюнча дегеле сүйлөшүшкөн эмес.

«Мен ага буйрук бере тургандай ортодо дегеле мамиле болгон эмес. Ал принципиалдуу инсан, мени кантип укмак эле? Өзүңөр көрүп тургандай соттук процесстерде өзүбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп турду. Бул кишинин өзүнүн бизнес-империясы бар, өзүн толук камсыздаган адам. Ага бирөөлөрдүн акчасы керек эмес. Бирок, анын 100 млн сомду эмне үчүн прокуратурага бергенин түшүнбөйм, андан көрө ошол акчаны балдар үйүнө берсе жакшы болмок», - деди Сапар Исаков.

Мурунку, 27-ноябрда өткөн бул иш боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулардын мүлктөрүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чиндерин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу сунуштары менен бирге Айбек Калиевди 17 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышса, ал эми мурунку Экономика министри Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүшкөн. Акыркысынын “Коррупция” беренеси боюнча күнөөсү аныкталбагандыктан прокурорлор аталган беренени “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине алмаштыруу өтүнүчүн сотко келтиришти. Мындан сырткары анын учурдагы ден-соолугунун кескин начарлашы, ошондой эле өз ыктыяры менен мамлекетке келтирилген зыянды толтуруу үчүн Башкы прокуратуранын эсебине 100 млн сом которуп бергенин эске алууну да эскертишип, аны сот залынан бошотууну суранышкан болчу.

Эскерте кетсек, 2018-жылы январь айында болгон “Бишкек ЖЭБ”деги авариядан соң борбор бир жума суукта калган. Мындан улам андагы териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Ал эми мурунку каржы министри Ольга Лаврова үй камагында калган. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлууда.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости