www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлүп, жетекчи болуп атактуу "маммолог" Алмаз Мамбетов барган. Андан бери караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт. Иш кылып жатканы же "мамак" кармап жүргөнү белгисиз.
Айткандай, Мамбетов сөгүнчөөк, "мамак" кармагычтыгы менен атакка жеткени менен башка колунан иш келбестигин эчак далилдеген.
Биздин өлкөдө ашата сөгүнүп, "мамак" кармаганды мыкты өздөштүргөндөр өсөбү, же дал ушуларга ишеним артышабы Алмаз Мамбетов ээрден түшпөгөн бийликтин сүймөнчүгүнө айланып алды.
Болбосо, Мамбетовдун Балыкчыда мэр болуп турганда мурунку мэр Сатыбек Шамсудинов дегенди опузалаган, орой, оозго алгыс сөздөр менен ашаткан аудиосу чыкканда, же болбосо Мамкаттоонун башчысы болуп турганда унаада баратып, жол чыракка токтогондо жанында отурган бийкечтин «мамагын» эзгилеп жатканы камерага түшкөндө эле, мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбеген жосунсуз жүрүш-туруш жоругу үчүн иштен чететилип, экинчи ишке алынбай тургандай моралдык жактан жазаланышы керек болчу. Анан каратып туруп "мен эмес болчумун" деп жанын жеп танып кетсе эле кызматтан кызматка коюп эркелете берген кантип болсун.
Мына жогорудагы жоруктарынан кийин Оштун мэри болду. Эмнени кыйратты? Коомдук транспортко түшүп, таштанды чыгарган машинада көчө кыдырып пиар жасады. Болду, башка ишин эч ким көргөн жок. Балким, иш кылса көздөн далдоо "мамак" кармагандыр.
Өкүнүчтүүсү, анан ушундайларды жоктон тапкансып улам бир кызматка коюп, сүйрөп жүргөндөн өлкө өнүгүп жатабы деген оңтойсуз суроо жаралат...
Булак: NazarNews.kg