www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардын мэрин ким шайлайт?

МЕЛИС АСПЕКОВ, ЖАШ САЯСАТЧЫ:

-Шаар бул тирүү организм,ал организмдин жүрөгү Дал ушул мэр болот. Ошондуктан менин жеке оюмда, мэрди шаардын тургундары түз шайлаш керек. Себеби, кыргыз айткандай, калк айтса калп айтпайт дейт.

Азыр мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат, бул коррупцияга түздөн-түз жол. Акчасы бар, мэрге талапкерлигин койгон бай талапкер, азыркы шаардык депутаттарды оңой эле сатып алат, системаны ушул боюнча калтырып койсо, азыр айткандай сатып алып алган тенденция уланып кете берет. Ошондуктан пара менен келген мэр,биринчиден эптеп жазылган программасын аткарбай, баягы мэр болгонго берген акчасын биринчи ирет кайтарат. Бул өтө кооптуу көрүнүш, ошондуктан биздин бороборубуз өнүгүп өспөйт.

ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ, БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ:

-Мэрди шаар тургундары шайлаганы жакшы болмок. Бирок, мэрди депутаттар шайлайт деген аты эле болбосо, жогору жактын көрсөткөн кишиси 41 добуш 1 карты менен өткөн учурда депутат элем. Андан кийин жалгыз кандидат болгон учурун деле көрдүк. Жогору жактан «бата» алмайын мэр болом деген убара экенин турмуш далилдеп келет…

Эл шайласа жакшы болмок. Бирок, элибиз да сатылып, акча берсе шайлайбыз деген принцип менен отуруп алышаарын да билебиз…

КАНАТБЕК МУЗУРАЛИЕВ, БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ:

-Мыйзамга өзгөртүү киргенде  депутаттар шайласын деген норма кирип калган. Анткени депутаттарды эл шайлап жатат. Депутаттар шайласа да, эл шайласа да айырмасы жок. Иштейм деген таза мэр ким тарабынан шайланса деле иштейт. Эл «биз шайласак, биз түз мэрден сурай алабыз» деп айтып келет.

Бүгүнкү күндөгүдөй мэриянын эшиги жабык болсо, астында милициялар отурса, эл кантип сурайт? Мен өткөндө эшиктердин жабык турганы боюнча маселе көтөргөм. Элдин мэрге,вице-мэрлерге, жетекчилерге киргенге мүмкүнчүлүгү болушу керек.

РЫСБАЙ АМАТОВ, БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫ:

-Парламентаризмде жарандар эл өкүлдөрүн өздөрү шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо 45, 31 же 21 депутаттан турган шаардык кеңештин курамына тең келген мэрди шайлап алып, ал депутаттардын кереги жок болуп калат.Ошол эле бардык жалпы массалык 41 депутат алган добушту бир эле мэр алып, эл арасында тирешүү пайда болот. Мэр көзөмөлдөн чыгып эл алдында, депутаттардын алдында отчёт бербей, өзүнчө хан пайда болуп калат. Жоопкерчилик болсун деп мэрди депутаттар шайлашы керек.

Мэр депутаттарга отчёт берип, алардын көзөмөлүндө туруусу зарыл. Эл өзүнүн өкүлүнө добуш берет. Депутаттар чогулуп элдин атынан мэрди шайлайт. Түз шайлоо боло турган болсо, кээ бир акчалуу саясий күчтөр өтүп кетиши мүмкүн. Ар кандай «Ислам мамлекети» сыяктуу коомдук бирикмелер өздөрүнүн кишилерин жөнөтүп,байкатпай бир шаарды алып коюшу мүмкүн.

МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ,БИРИНЧИ МАЙ РАЙОН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

-Акыркы 10 жылдан бери биз «Жаңы муун»саясий партиясы менен «Эркин эл» саясий кыймылы мындай сунушту көтөрүп, тынымсыз айтып келе жатабыз. Жогорку кеңеште Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамын кабыл алып жатканда мыйзамга киргизүүнү көтөрүп чыкканбыз.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин эл тарабынан шайлоо механизимин сунуштаганбыз.Тилекке каршы бул мыйзам кабыл алынган эмес. Эгер Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып беришсе, мэр эл тарабынан шайланса коррупция да бөгөт болмок.

Булак: Факты.kg

Последние новости