www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым депутаттарды коррупционер деп айыптады.

Ал жыйында асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба багытында иштетүүгө ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда кесиптештерин сынга алды.

"Муну 10 жылдан бери отурган бир-эки гана коррупционер депутат колдошу мүмкүн. Башка эч ким колдогон эмес. Бул элге каршы мыйзам", — деди Атазов.

Андан соң эл өкүлү Балбак Түлөбаев "мен бул мыйзам долбоорун колдойм, ошондо мен коррупционерминби?!" деп суроо салды.

Ал эми төрага Талант Мамытов колдосо коррупционер, колдобой койсо жакшы адам деп атоо туура эмес экенин белгилеп, депутатты этияттап сүйлөөгө чакырды.

Ошол кезде Атазов кайрадан микрофонго чыгып Түлөбаевди айтпаганын, бирок парламентте коррупционерлер бар экенин, кааласа атын атап берерин ачык айтты. Бирок ким экенин айткан жок.

Бул маселеге вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев да өзүнүн жеке пикирин билдирди.

"Бул жакка чыгып сүйлөгөндө, ошол коррупционерлердин аты-жөнүн атасаңар. Бул жерде 90 депутат отурат "кимибиз коррупционербиз" деп коюп. Мындан кийин жалпылап айтпай, атынан аташыңыздарды суранат элем", — деди ал.

Өз кезегинде вице-спикер аларды алты миллион киши карап турганын эскертип, парламент жаманатты болуп жатканын белгиледи.

Последние новости