www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.
«Урматтуу мекендештерим!
Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып, айыгып кетсин.
Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору коё турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз - мына ушул.
Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!» - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg