www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында болгон жер көчкү бир үй-бүлөнү жалпы алты адамды басып калган. Төрт баласы да дем алыш күн болгондуктан ата-энеси менен чогу болгон. Мындан улам КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кырсык болгон жерге барды. Бул тууралуу жеринен журналист Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Окуя бүгүн таңга жук 04:30дар чамасында болгон. Кырсык катталган жер айылдан 5 чакырымдай алыста. Ал жерге ат менен гана барууга болот. Айыл тургундары менен ӨКМ куткаруучулары топтолушуп куткаруу иштерин жүргүзүүгө алгач жетип барышкан. Бирок көчкүнүн көлөмү чоң жана топурак ылай, баткак болгондуктан коопсуздук чаралары үчүн токтотулган.

Андан сырткары дагы да жер көчкү коркунучу чоң. ӨКМдин адистери көчкүнүн үстүңкү катмарын карап чыгышты. Буюм тайымдарынын калдыктары гана табылган. Каза болгондордун денелери жалпы элдин макулдугу менен 2-3 күн аралыгында жер каткан соң улантуу макулдашылды.

Учурда ӨКМдин 35 адамдан турган куткаруу тобу окуя болгон жерде жүрүшөт. Андан сырткары облус башчысы ал аймакта жер көчкү коркунучу менен жашап жаткан бардык үй-бүлөнү бүгүнтөн калтырбай көчүрүү тапшырмасын берди. Райондук атайын штаб түзүлүп элдерди коопсуз жайга көчүрүү, келтирилген чыгымдардын көлөмүн аныктоо тапшырмасы коюлду. Кооптуу аймактагы элдердин дээрлик 70-80 пайызы жер үлүшүн жана ссуда алган мамлекеттен. Аларга көчүп кетүү боюнча бир канча ирет эскертүү берилген. Бирок укпай келет. Элдин айтымында жер үлүшүн алгандар башка бирөөлөргө сатып көчпөй олтургандар да бар. Көчпөгөндөр соттун чечими менен көчүрүлмөй болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости