www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын өкмөтү 2026-жылы Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого кеминде 10 млрд сомони (1 млрд доллардан ашык) сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу 13-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн каржы министри билдирди.

Учурда 350 млн доллар өлчөмүндөгү биринчи транш боюнча каржылоо башталган. Дагы 300 млн доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, бул каражаттар жыл ортосунда түшөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Ислам өнүктүрүү банкы (150 млн доллар), Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт өнүктүрүү фонду жана ОПЕК фонду (ар бири 100 млн доллардан) тарабынан каржылоо тартуу боюнча ички процедуралар аяктоо алдында турат. 

Ошондой эле Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан 500 млн доллар бөлүү боюнча бардык процедуралар бүткөн. Анын 270 млн доллары биринчи транш катары алынат.

Энергетика министрлиги билдиргендей, эл аралык өнөктөштөр менен 2024–2025-жылдары кол коюлган айрым келишимдер күчүнө кирди. Тышкы каржылоо 2026-жылы долбоорду тездетүүгө мүмкүндүк берет. Максат — 2027-жылдын сентябрында үчүнчү агрегатты ишке берүү.

Эске сала кетсек, Рогун ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 3780 МВт болуп, ал Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектростанция болот. Толук пайдаланууга берилгенден кийин жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 14,5 млрд кВт/сааттан ашат.

Станцияда кубаттуулугу 630 МВт болгон алты агрегат орнотулат. Акыркы агрегатты ишке киргизүү 2029-жылга пландалган.

Учурда 2018 жана 2019-жылдары ишке берилген эки агрегат төмөнкү кубаттуулукта иштеп жаткандыгын asiaplustj жазып чыкты. 

Последние новости