www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«УКМК Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп тургандагы мыйзамсыз ишин тапса, ошондо кызмат абалынан пайдаланды деп айыптаса болмок», - деди бүгүн, 6-июлда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Туйгуналы Абдраимов келтирилген чыгымын толтуруп бергени үчүн камактан чыгарышты. Бирок, ага коюлган дооматтар далилдендиби?

- Массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарга караганда Туйгуналы Абдраимовтун камалышы УКМК  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы  менен Туйгуналы Абдраимов Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук  мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштооочу жай катары 95% акциясы Т.Абдраимовго тиешелүү «Кайнар» ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөн деп айып тагышкан.

Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу деген айыбын далилдөө кыйын.

Мындан сырткары Т.Абдраимовге караштуу деген «Кайнар» ЖАК тын директору менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын тийиштүү жетекчилери боюнча кандай укуктук баа берилди коомчулукка белгисиз, ал эми аталган жер ижарага гана берилген деген маалыматтар айтылып жатат.

Туйгуналы Абдраимовго Кылмыш-Жаза кодексинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 337-беренесинин 4-бөлүгү менен айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасында аны камакка алуу каралган.

Туйгуналы Абдраимов 2015-жылы К.Р БШК нын төрагасы болуп турганда БШКнын ичинде каржылык жана башка же шайлоого байланыштуу мыйзамсыз иштерди өз колу коюулган документ, факты менен далилденген кылмыш, мыйзамсыз иштерди УКМК тапса, ошондо кызмат абалынан пайдаланды деп айыптаса негиздүү болмок да. 

Анан «Кайнар» ЖАК Ижарага алган 11.2 гектар жерин (таштанды таштоочу жай) кайтарып берди, 15 300 000 сом зыяндын ордун толук толтурду-дейт? Кайсыл зыян, ал кайдан чыккан зыян «Кайнар» ЖАК тарабынан болдубу же Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарынын шалаакылыгынан болдубу так жооп жок.

Ал зыянды аудит эсептеп чыктыбы, ал туура эсептедиби, чындыгындай ушундай зыян барбы Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктяры менен Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федарациясына өткөрүп берди – деп жатышат.

Аталган конок үйдү Туйгуналы Абдраимов Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федарациясынн тартып алганбы же сатып алганбы маалымат жок, Туйгуналы Абдраимовтун баскан турганы азыркы бийликке жакпады. Ошого байланыштуу ушундай иштер болду.

Чүй облусунун административдик сотуна Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы «Кайнар» ЖАК ижарага алган 11.2 гектар жерин (таштанды таштоочу жай) кайтарып алуу боюнча доо талап койсо болмок.

Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федарациясы да сот аркылуу чечип алса болмок менчикке берүүдө конок үйдү алууда мыйзам бузуулар болгон болсо.

Эми тергөө органы Туйгуналы Абдраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурду, камакта кармоонун зарылдыгы жок деп өтүнүч менен сотко кайрылса керек, анан үй камагына чыгарды да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости