www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турдукан Жумабекова:

Милициянын үнү толук кандуу угулбай жатат. Мындай пикирин бүгүн, 3-июнда кылмыш жана административдик-укуктук кодекстерден чыккан маселелерди талкуулап жаткан учурда NazarNews маалымат агенттигине юридика илимдеринин доктору, профессор Турдукан Жумабекова билдирди. 

--“2019-жылдан бери Ички иштери минстрлигинин оперативдүү кызматкер тергөөчүнүн, соттун, прокурордун колусуз, көзөмөлүсүз, уруксаты жок эч кыймыл аракет кыла албай келишкен. Бизде дайыма кылмыш болгондон кийин ага күнөлүүлөрдү издеп калабыз. Коомчулукта терс пикир жаралат. Негизи милициянын буту-колу байланганын, беренелерге өзгөрүү киргенин эл билбейт. 
Эки жыл мурда соттук реформа деп 5 кодексти кабыл алышты. Бул мыйзамдар ИИМдин ыкчам иликтөө кызматынын ишин шал кылып талкалап салган. Карапайым калк кайдан түшүнсүн, алар милицияны жамандап калышат. Иштеп жаткан кодекстердин таш-талканын чыгарууга негиз жок болчу. 
Бүгүнкү күндө ар тараптан келген тиешелүү эксперттердин, ИИМдин өкүлдөрүнүн катышуусунда абдан чоң талкуулар болду. Талаш-тартыш жаралып жатып, кичине өзгөрүүлөр кирди. Тилекке каршы бул дагы толук кандуу болбой жатат.  

Ыкчам иликтөө институнун ишмердүүлүгү жоголуп кетти. Азыр берели, булар кылмышкердин изин суутпай кылмыштын бетин ачсын деп жатабыз. Бул абдан керектүү кызмат деп айтып жатабыз. Азыр бир канча механизмдин негизинде карап баштадык. Айрымдар шектүүлөрдүн укуктары, каралбай жатат дешүүдө. Бул чоң жаңылыштык, бир тараптуу караган болбойт. Бир мисалдын негизинде алып карай турган болсок, миңдеген жарандарды кыйнап алабыз. Милиция кызматкерлерине укук берсек, көптөгөн кылмыштарга бөгөт коюлмак”, - дейт юрист.  

Эске сала кетсек, ушул беренени Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү көзөмөлгө алышы керек. 

Эгер 2019-жылы кабыл алынган мыйзам өз ордунда кала берсе, карапайым калк мындан ары дагы какшап кала берет. Элдин шорун кайнаткан батышчылдар жазган берененин үзүрүн жактоочулар жана “кас мыйзамды сүйгөндөр” көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости