www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда депутаты Мейкинбек Абдалиев Кытайдан жүктөрдү өткөрүүдө Казакстан атайын кармап, тоскоолдктарды жаратып жатканын айтты.

Ошондой эле эл өкүлү Казакстан менен Орусия атайлап ыңгайсыздык жаратып жатканын баса белгиледи.

«Бул маселени биз карап беришибиз керек. Эгерде, жүк ташуу иштерин аткара албай жатсак, анда уялбай эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын колдонолу. Ал адамдын тажырыйбасы бар. Менин сөзүмө ишенбесеңиздер, «Мадина» жана «Дордой» базарларындагы ишкерлер менен сүйлөшүңүздөр», — деди ал.

Буга кошо депутат Бажы кызматынын жетекчисине, Матраимовдон тартынбай тажрыйбасы менен бөлүшүүсүн суранууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости