www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз валютасынын мындан ары арзандашына негиздүү себеп жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.

Анын билдиргенине таянсак, Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. “Сомдун курсунун мындан ары төмөндөшүнө фундаменталдуу себеп жок. Кыргызстандын экономикасы бүгүнкү күндө өсүп жатат. Коронавируска байланыштуу анча-мынча түзүмдүк өзгөрүүлөр болууда. Бул кыска мөөнөттүү гана таасир. 2-3 айдын ичинде баары өз ордуна келип, ушундай абалда калат”,-деп билдирди Абдыгулов.

Ушул тапта, Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. Ал эми коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 72,76-72,96 сом болууда.

Эске сала кетсек, 10-мартта Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулаган. Кечээ түшкө чейин эле доллардын курсу 69,80 (сатып алуу) жана 69,90 (сатуу) сом болуп турган болсо, кечке жуук доллар кымбаттап 73 сомдон сатылып, 72,80 сомдон сатып алынган. 

Буга байланыштуу Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости