www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекеменин алдында эки эркек сүйлөшүп турат. Ал аңгыча алардын бири сумкасынан бычак алып маектешин көкүрөк тушка уруп, кулагынан тиштеп калды. Бактыга жараша жакын жерде адамдар арачалап калганга жетишти.

Социалдык тармактарга тараган бул видео тууралуу айтылган маалыматтарга караганда, денесине бычак урулган адам Гонконгдун мыйзам чыгаруу кеңешинин депутаты Жуниус Хо. Ошол учурда бул депутат тарапташтары менен кезигип жаткан. Алардын арасында, колуна гүл кармаган эркек дагы бар болучу. Ал Хого колундагы гүлүн сунуп, бирге сүрөткө түшүү сунушун киргизген. Буга депутат макулдугун берген соң, кылмышкер сумкасын ачып, бирок телефон ордуна бычак алып чыгып шамдагайлык менен шилтеп жиберди. Мындай болорун депутаттын жансакчылары дагы күткөн эмес.

Өз убагында арачалап калышкандыктан, жараат анча коркунуч туудурган эмес. Депутаттан сырткары кол салган адамдын өзү жана дагы бир жаран жаракат алганы айтылат маалыматтарда.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Анткен менен журналисттер муну Гонконг көчөлөрүндө каршылык акцияларына чыккандарга карата депутаттын акыркы кезде айткан сын-пикирине байланыштырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости