www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арыстагы жарылууда өлүп калуу коркунучу менен тасма аркылуу ата-энесине дагы бир жолу сезимин билдирген жоокер, канчалык сарсанаа болгонун, ошондогу абалы менен nur.kz сайтына бөлүштү.

27 жаштагы Исатай Алибаев Алматыда төрөлгөн. Анын аялы жана бир кызы бар. Аскердин айтымында, алгач багыт алууга кыйын болгон. Шаар бүтүндөй жарылып жаткандай сезилген.

“Снаряддар учуп, жарылып, сокку толкуну болуп жатты. Бизди бомбалап жаткандай эле болду... Биз Кудайдын керемети менен аман калдык, себеби, жарылуунун саркындылары 2-3 метр арыда эле учуп жаткан.

Алибаев айткандай, ал өз өмүрүнөн корккон. Ошол убакта  болгону ата-энесинин ал үчүн кымбат экенин айткысы келген. Ошондо ал тасма тарткан.

Андан кийин болгон күчүн жыйынап, элдерге көчүүгө жардам берүүгө жөнөгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости