www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тойлордо эмне деген гана окуялар орун албайт. Алардын бири төмөнкү тасманын каарманы коомчулуктун кыжырына тийип кызуу талкууга алынууда.
Тасмада бийлеп жаткан келинчегин эл алдында тепкилеп алып кетип калган жигитти көрүүгө болот.
Тасманын алдындагы пикирлердин айрымдары менен бөлүшөбүз.
Нурлан Чомоев: "Аялы бий болсо эле чуркап чыга берип тойгузса керек. Катынын кызганса танцыга чыгарбай эле койсо болмок. Же болбосо акырын жетелеп чыгып эл көрбөгөн жерге алып барып тарбия ишин жүргүзсө болмок. Алсыздыгын көрсөтүптүр. Байкуш келин... Боорум ооруп кетти. Дал май көчүккө келиштире тепти ай акмаак!"
Ийгилик Жумакадыров: "Келинге убал эле, бул биринчи деле жолу эмес го, өмүрү өткөнчө күйөөсүнүн көзүн карап жүрүп өтөт го байкуш"- деген пикирлерди калтырышууда.
Коомчулукта айрым эркектер жубайына ызаат көрсөтүп сыйлаганды билбегендер көп экени жанды кейитет, анысы аз келгенсип өздөрүн бай манаптай эсептеп аялдын көз жашын уруп ойнобогон эркектер сыйды билбейт, - деген дагы бири ..
Чынында үлгүлүү үй-бүлө кандай болуш керек? Тойлордо коомдо өздөрүн кандай алып жүрушү абзел? Тойлордо же бир компанияда аялына күйөөсү төмөнкү деңгээлде мамиле кылса болобу? Сиздердин көз караш кандай окурман? Ой бөлүшөбүз.
Булак: NazarNews.kg