www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Фархат Исмаилов менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздашты.

Анын алдында Бакиров менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев айтышып кетишкен.

Исмаилов Ташиевге болушуп, Бакировду көздөй баскан. Аларды кесиптештери арачалап калышты.

Исмаилов Бакировду залдан чыгууга чакырды. Депутаттарды бөлүштүргөндөн кийин жыйын уланды.

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости