www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балээнин башталганы ушулбу? «Ыйман Нуру» партиясынан Динара Ашимова парламенттен оронуп, жамынып, жок жосунду баштап, Кыргызстанды уят кылууга ашыктыбы? Биз светтик өлкөбүз! Дин саясаттан сырткары экени Конституцияда жазылган.

Тилекке каршы, Динара Ашимова арабдардын идеологиясын таңуулап, кийингени, жүрүш-турушу менен мыйзамга шек келтирип, жаза басты го?! Тийешелүү органдар тыйып койбойбу? Ак Үйдүн төрүндө диний кийимди жарнамалап, акылдан сырт кете береби? Эркек катыныңар аралашып, ыштан-дамбалдарыңарды жарнамалап, узун көйнөк кийишип, даават айтышса, улуттун келечегин кантебиз?

Деги мамлекеттик саясат кайда баратат? Керемет жерибизди жоготууга, исламчылардын коктусуна айлантууга «Ыйман Нуру» партиясы из салабы? Эмитен тирукмуш көрүнүштөр коштолуп, жамына башташты, эртен кантебиз?

Албетте, биз күйгөнүбүздөн коңгуроо кагып жатабыз! Президенттик администрация мыйзамдын алкагында жол көрсөтпөсө келечегибиз кандай туманда элестетип көргүлө...

Баса, Динара Ашимованын айыпталып жатканы кандай? Бул боюнча кызыгып көрмөкчүбүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости