www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жума күнү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба министрилигин коллегиясы болуп өттү. Анда Аскарбек Жаныбеков оозун кыйшайтпай туруп эле, көкүрөгүн койгулап, аябай мактанды. Бул тууралуу айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

"Жаныбеков бир жылда 6 пайызга өстүк, миллиарддаган сомдорго азык-түлүк өндүрдүк деп мактанды. Эми биринчиден азык-түлүктү өстүрүп жаткан бул айыл чарба министрлиги эмес, алар - биздин күжүрмөн дыйкандарыбыз жана малчыларабыз. Министрлик болсо ошол фермерлер азап-тозок менен жыйнап алган түшүмүн татыктуу баа менен сатууга, сыртка экспорт кылууга, ташып келүүгө, кайра иштетүүгө жана сактоого кымындай дагы жардам көрсөтө алган жок. Анын кесепетинен даяр азык-түлүктүн 33 пайызы коромжуга учурады.

Мамлекет бөлүп берген атайын арзандатылган насыя акчаларын карапайым дыйкандарга жеткире алышкан жок. Эсептеп көрсөк, жарым миллион фермерлердин ичинен жеңилдетилген кредитти алганы үч гана пайызды түзүптүр. Эмне үчүн ушундай тартипсиздикти жана башаламандыкты токтотууга айыл чарба министрилиги көңүл бурбайт?

Чындыгында, 11 миң кызматкер иштеген бул министрликтин негизги милдети болуп өлкөбүздө тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу эсептелет. Ушундай өтө жоопту маселени министрлик чече алдыбы? Жок, чечмек тургай анын четине да жете алган жок. Калкыбызга 9 азык-түлүк керек болсо, анын үчөө менен гана (сүт, картошка, жашылча) камсыз болунду. Ал эми калган алтоону (нан, кумшекер, өсүмдүк майы, мөмө-жемиш, эт жана жумуртка) өзүбүз жетиштүү өндүрө албай, чет мамлекеттен кымбат баада жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып келебиз. Бул эми акылга сыйбаган иш да. Буга айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков түздөн түз күнөөлү. Анткен себеби бизде тамак-аштын баардыгын өзүбүздө эле өндүрүп, элибизди сапаттуу жана арзан азыктар менен камсыз кылууга толук шартыбыз бар. Ал үчүн эртеден кечке мактанбай, тескерисинче, күнү-түнү иштеш керек. Бирок мындай кызуу иш биздин чиновниктердин колунан келбей жатат. Андай болгондон кийин, алардын элге эмне кереги бар?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости