www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров малайзиялык достору менен жылуу маанайда коштошууда. Төмөндөгү сүрөттө дүйнө жүзүнө атактуу 97 жаштагы «малай чудолорун» жараткан Махатхир Мохамад жана анын 96 жаштагы байбичеси менен биздин Азикебиз.
Эске сала кетсек, Махатхир Мохамад жарым кылым илгери экономикалык жетишкендиктери менен “Азия жолборсуна” айланган. Малайзия болсо келечеги бүдөмүк, башы туруксуздукка толгон өлкө болчу. Саясатчы Махатхир Мохамад жүргүзгөн реформалардын натыйжасында Малайзия азыр гүлдөгөн мамлекетке айланды.
Анткен менен 2018-жылы 93 жашында премьер-министр болуп шайланган реформатордун кайра бийликке келишин айрым эксперттер Малайзияда диктатура орногонунун далили катары эсептешет.
Махатхир Мухаммад бийликке кантип келген?
1965-жылы Малайзия Сингапур Федерациясынын курамынан чыгып, көз карандысыз мамлекет болот. Малайзиянын ошол кездеги саясий климаты Ооганстанга окшош эле. Ооганстандагы жарандык согуштун негизги себеби элдин биримдигинин жоктугу болгон. Анткени, Ооганстанда 20дан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар өзбектер, түркмөндөр жана ошондой эле пуштун, шинвар, хужан, сафа сыяктуу уруулук союздар. Ошондой эле, Ооганстанда сунниттер да, шейиттер да бар.
Малайзияда бир нече этникалык топтордон турат. Маселен, малайлар, кытайлар, индиялыктар жана азыраак деңгээлде англистер бар. Өлкөнүн эли ислам, христиан, буддизм, ошондой эле даосизмди карманат. Башкача айтканда, Малайзия элин улуттук баалуулуктар менен болбосо, диний идеология менен муштумдай кармап туруу мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн карама-каршы саясий топтор бири-бири менен күрөшкөн. Премьер-министр Абдул Рахмандын тушунда Малайзияда экономикалык кризис жана улуттар аралык чыр-чатактар көп болуп турган. Абдул Рахман тышкы саясатта Кытай менен союздаш болгон. Малайзиядагы кытайлардын статусун бир деңгээлге көтөрүп, бул жагдай малайлыктар менен индиялыктардын нааразычылыгын жараткан.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Малайзияда 31 миллион адам жашайт, анын 50,1 пайызы малайлыктар, 22,6 пайызы кытайлыктар. 1969-жылы 13-майда Куала-Лумпурдагы улуттар аралык кагылышуудан кийин дарыгер жана саясатчы Махатхир Мохамад премьер-министр Абдул Рахманга кат жолдогон. Катта премьер-министрдин саясаты өлкөдөгү кытайлардын кызыкчылыгын коргоого жана алардын финансылык абалын жакшыртууга гана багытталган жана Малайзиядагы бардык улуттарга бирдей укук жана бирдей шарттарды берүүнү талап кылат.
Кийинчерээк Махатхир Мохамад Абдул Рахманга жазган катын коомчулукка жарыялайт. Бул аркылуу эл алдында аброюн көтөрүүнү көздөйт. Бул аракеттери үчүн Махатхир Мохамад Бириккен Малайзиянын Улуттук уюмунун (UMNO) Жогорку Кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылып, ошол эле жылы партиядан чыгарылган.
Бозгундагы болочок премьер-министр Малайзияны экономикалык кризистен чыгаруунун жолдорун карай баштайт. Ошентип, 1970-жылы «Малайлардын дилеммасы» деген китепти жазган. Китепте Куала-Лумпурдагы жаңжалдын себептери жана кесепеттери, өлкөдөгү экономикалык кыйроо ар тараптуу түшүндүрүлүп, экономикалык кризистен чыгуунун жолдору сунушталат.
Ал эми улуттар аралык кастыкты болтурбоо үчүн Малайзиянын элин улутуна жана динине карап бөлбөй, жалпы малайзиялык позицияга ээ болууга чакырат. Абдул Рахман бийликти колго алган бул китепти окууга тыюу салат. Бирок ошол эле жылдын сентябрь айында премьер-министрликтен кеткен Абдул Рахмандын ордуна келген Абдул Разак «Малай дилеммасы» китебин жаңы экономикалык саясатты жүргүзүүнүн эффективдүү методологиялык куралы катары тааныган.
Ошентип, Абдул Разактын колдоосуна ээ болгон Махатхир Мохамад саясий карьерасын улантууга жаңы мүмкүнчүлүк алат. 1972-жылы 7-мартта ал Бириккен малай улуттук уюмуна кайрадан кабыл алынып, бир жылдан кийин сенатор болуп бекитилди. 1974-жылы сенаторлук кызматтан кеткен саясатчы билим берүү министри болуп дайындалган. Махатхир Мохамад билим берүү тармагындагы коррупциянын өлкөнүн келечеги үчүн кесепеттери тууралуу маселени көтөрүп, билим берүү мекемелерин коррупционерлерден тазалады. Ал эми чет өлкөдөн квалификациялуу адистерди чакырып, билим сапатын көтөрө алды. Ал Куала-Лумпурда Малайзиянын Улуттук университетин негиздеген. Эл ага билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн баа берди. Мунун аркасында 1975-жылдагы шайлоодо 47% добуш менен БУУнун үч вице-президентинин бири болуп шайланган.
Вице-президент болуп иштеп жаткан Махатхир Мохамадды Малайзиянын үчүнчү премьер-министри Хусейн Ондун билими жана квалификациясы кызыктырган. Премьер-министр Махатхир Мохамадды 1978-жылдын 15-сентябрында анын орун басары кылып дайындаган. Үч жылдан кийин ден-соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен Хусейн Он өлкөнүн төртүнчү премьер-министри болду.
Өкмөт башына келген Махатхир Мохамаддын саясий реформасын ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Малайзиянын экономикасын жандандырган реформатор Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Юнун реформасын иш жүзүндө кайталоо менен өзүнүн экономикалык реформаларын ишке ашырды.
Махатхир Мохамад да Ли Куан Ю сыяктуу билим берүү, көп сандагы чет элдик инвесторлорду тартуу, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдү жөнгө салуу, коррупция менен күрөшүү сыяктуу социалдык жана экономикалык тармактарда иштей баштаган.
Ооба, Махатхир Мохамад реформанын авторумун деп кайра-кайра ырастаганы менен дүйнө аны Ли Куан Юнун жолдоочусу катары эсептейт. Анткен менен Махатхир Мохамад айрым учурларда Ли Куан Юдон кем калышканы эч кимге жашыруун эмес.
Төртүнчү премьердин 22 жылдык реформасынын жыйынтыгы
Махатхир Мохамад реформасын ишке ашыруу үчүн оппозиция өкүлдөрүнө жана журналисттерге «реформага тоскоол болот» деген шылтоо менен өлкөдө сын көз караштарды айтууга катуу тыюу салган. Мына ушинтип өзүнө эч кандай түйшүк тартпай ишке киришүүгө шарт түздү.
Сингапур жаратылыш ресурстарына муктаж болсо, Малайзия мунай менен газга бай. Ошого карабастан, Махатхир Мохамад Малайзияны кыска мөөнөттүү товар өндүрүүчү өлкөгө айландыргысы келген эмес. Жаратылыш байлыктарын сактап калуу үчүн жер астындагы байлыктын жарымын гана казып алууга буйрук берген.
Төртүнчү премьер-министр өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максатында жогорку технологиялык продуктыларды чыгарган өндүрүш ишканаларын ачуу аракетин жасады. Бул үчүн малайзиялык студенттер технологиялык жактан өнүккөн өлкөлөргө, тактап айтканда Япония, Түштүк Корея жана Кытайга окууга жөнөтүлгөн.
Жаштарга малай маркасындагы заманбап унааларды чыгаруу, архитектуралык асман тиреген имараттарды куруу, атайын изилдөө программасын иштеп чыгуу жана космос мейкиндигин өздөштүрүү сыяктуу тапшырмалар берилди.
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто малайиялык «Протон», «Буфори», «Наза», «Хиком», «Сас» маркасындагы автоунааларга суроо-талап жогору. Ал эми кыска убакыттын ичинде өлкөнүн борбору Куала-Лумпурда көздүн жоосун алган кооз имараттар тургузулуп, шаарга көбүрөөк туристтердин келүүсүнө жол ачылды.
Өлкө экономикасынын туруктуулугун мындан ары да камсыз кылуу максатында Премьер-министр эл аралык репутацияга ээ боло турган банктык кызмат көрсөтүү рыногун түзүүгө жетишти. Чет элдик инвесторлорго бизнести ийгиликтүү жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Ишкерлик кылууну каалаган өлкө тургундарына да колдоо көрсөтүлүп, мамлекет тарабынан субсидиялар бериле баштады.
Инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизүү менен Малайзиянын ата мекендик технологиясын иштеп чыккан. Ошентип 22 жыл өкмөттү жетектеген Махатхир Малайзияны өнүккөн мусулман өлкөлөрүнүн бирине айландырууга жетишкен.
94 жаштагы премьер-министр
Махатхир Мохамад эки миздүү кылыч сыяктуу саясий кемчиликтерден куру эмес. 1981-жылдан 2003-жылга чейин премьер-министр болуп, ал Азиядагы эң узак кызмат кылган лидерлердин бири болгон.
Махатхир Мохамад өз бийлигин узартуу үчүн ар дайым реформага жамынып алып, анын кызыкчылыгына пайдалуу солчул саясатты жүргүзгөн. Мисалы, 1987-жылдагы «Карап чыгуу операциясы» женунде айта кетели. Операциянын максаты 1969-жылы болгон улуттар аралык жаңжалдын кайталанышына жол бербөө болгон. Операциянын жүрүшүндө 119 адам абакка кесилди. Алардын баары премьер-министрге нааразы болгон оппозиция өкүлдөрү болгон.
1994-жылы оппозициялык сынчы Лим Гуан Энгге каршы кылмыш иши козголгон. Оппозициячы «баш көтөргөн мамилеси үчүн жана Малайзиянын Мелака штатынын башчысы Абдул Рахимдин 15 жаштагы кызын зордуктаганы үчүн» камакка алынган. Ошондуктан, Лим Гуан Энге каршы сот адилеттүү болгон жок.
1998-жылы премьер-министр Махатхир Мохамад менен анын орун басары Анвар Ибрагимдин ортосундагы чыр-чатакка жеткен. Жыйынтыгында депутат ээлеген кызматынан ажыратылып, «гомосексуализм» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды. Бирок Махатхир Мохамад 2003-жылы бийликтен кеткенден кийин ага коюлган айыптардын баары алынып салынып, ал бошотулган.
1999-жылы Азиянын эркин шайлоо коомчулугу Малайзиядагы шайлоого байкоочу болуп калды. Байкоочулар шайлоодогу мыйзамсыз иштердин бетин ачышты. Апрель-май айларында шайлоочуларды каттоо өнөктүгү аяктаганда бийлик 600 миң адамды шайлоочу катары каттабай койгону аныкталган. Бул оппозициянын добушун уурдоо аракети экенин эксперттер айтышты.
2001-жылы Махатхир Мохамад оппозиция өкүлдөрүн бардык жеңилдиктерден ажыратып, өкмөткө каршы чыгууга эч кандай мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошондой эле, 2002-жылы Малайзиянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү куугунтукка алынган. Сөз эркиндиги чектелип, өлкөдөгү басылмалар тинтүүгө алынган.
Малайзиянын өкмөтүн 22 жыл башкарган Махатхир Мохамад 2003-жылы 78 жашында кызматтан кетип, анын ордуна Абдулла Ахмад Бадави келген. Бирок Махатхир Мохамад саясий сахнадан биротоло кеткен жок, ал өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышкан.
Андан соң өткөн жылы, 2018-жылы өлкөдө авторитардык системаны кулатып, демократиянын баалуулуктары салтанат курарын убада кылып, шайлоо өнөктүгүндө жеңишке жеткен Махатхир Мохамад 93 жашында кайрадан премьер-министрликке шайланган.
Махатхир Мохамад учурда мурдагы премьер-министр Нажиб Разакка каршы кылмыш ишин козгоп жатат. Ал эми Разак тагылган айыптарга макул эместигин айтууда. Ал өзүн актоо үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын билдирди.
94 жаштагы Махатхир Мохамад өкмөт башында эки гана жыл иштей турганын, андан кийин отставкага кетип, бийликти Анвар Ибрахимге өткөрүп берерин билдирди. Талдоочулар ал бир кезде сүргүнгө айдалып кеткен Анварды кайра колдобой койду деп эсептешет, «Махатхирдин 1998-жылы Анварды айыптоосу саясий оюн үчүн гана керектүү кадам болгон». Ал арада оппозиция өкүлдөрү Махатхир 1980-жылдардан бери Анвардын саясий карьерасынын өсүшүнө колдоо көрсөтүп келгенин айтышууда.
Белгилей кетсек, Малайзия федералдык конституциялык монархия. Башкача айтканда, өлкөдө президент жок, башкаруу бийлиги премьер-министрдин колунда. Өлкө 13 мамлекеттен турат, анын 9ун султандар башкарат. Малайзиянын падышасы Абдулла II. Ал эми 60 жылдык тарыхы бар өлкөнүн бул 16-королу быйыл такка отурду.
Махатхир Мохамад дүйнөгө мусулман мамлекетинин авторитеттүү лидери катары белгилүү. Ал диктатор болсо да, кыйын мезгилде өлкөсүн туңгуюктан чыгара алган. Ошентип, ал Малайзиянын экинчи Ооганстанга айлануусуна жол берген жок.
Малай лидерин «диктатор» жана «антисемит» деп айыптоо АКШ бийлигинин провокациясы болушу ыктымал. Анткени Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен Ирактын лидери Саддам Хусейндин тагдырына көз чаптырсак, дагы бир өнүккөн мусулман мамлекети коркунучта тургандай.
Анткен менен эксперттер Малайзиянын келечектеги тагдыры болочок премьер-министр Анвар Ибрагимдин колунда экенин айтышууда. Ал авторитардык башкарууну же демократиялык башкарууну тандаарын убакыт көрсөтөт.
Булак: NazarNews.kg