www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиздин аймактарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы саясатынызды колдойбуз. Бирок ал саясат бизге жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү.                                   

2017-жылдын сентябрында КР УКМК БатМУда коррупциялык жол менен 39 диплом мыйзамсыз берилгендигин, 7 окутуучуга карата сот өкүмү чыккандыгын жарыялаган. Акыркы 6-7 жылдан бери БатМУда фискалдык органдар тарабынан текшерүүлөр  тынымсыз болуп турган. Бирок, БатМУдагы коррупциялык схема көптөгөн текшерүүлөргө карабастан туруктуу иштеп келе жатат. Эн негизгиси коррупциянын башындагылар калып, аны аткаруучулар гана соттолду.  Бул иштер боюнча БатМУнун жетекчилиги жок дегенде бир жыйын кылып талкуулаганга жарабады. Бул коррупциялык схеманын уюштуруучусу Г.Мусурманованын 2015-жылдын 19-октябрындагы №03-19/72(к) буйругу чыккан. Буйрукка ылайык 15 (он беш) студент башка ЖОЖдон которулду деп 6-курска мыйзамсыз кабыл алынган. Бул көптөгөн фактылардын бирөөсү гана. Мусурманова Г. 2014-2015-жж. ректордун м.а. болуп турганда бул система калыптанып, гүлдөп турган. 2016-жылы кызматка киришкен А.Зулпуевдин тушунда дипломдорду каалагандай сатып көнгөн коррупциялык схема ошол бойдон  калып келе жатат. Бул коррупциялык система БатМУнун бардык тармактарында орун алган.

Жогоруда айтылган мыйзамсыз иш аракеттердин негизги себептери БатМУдагы системалуу иштин жоктугу. Анткени жалпы жамаат менен ректораттын ортосунда ажырым алыс. Жылдан жылга кабыл алынган абитуриенттердин саны азайып жатат. Кабыл алууда атайылап коюлган тоскоолдуктар көп. 2018-жылы башкы мекемеде күндүзгү бөлүмгө 38 студент кабыл алынган. Студенттердин сабакка катышуусу начар. Көптөгөн адистиктер жылдан жылга кыскарып жабылып жатат. Кызыл-Кыядагы КТИ, Сүлүктүдөгү институттарда абал мындан да начар.

Ректор А.Зулпуевдин  Францияга, Москва шаарына ж.б. чет өлкөлөргө БатМУ үчүн жыйынтык бербеген сапарларга көп чыгат, аялын да ээрчитип алат. Окутуучуларга Кыргызстандын аймагындагы илимий конференцияларга да төлөнбөйт. Ректорго, аялына чет өлкөлөргө баргандыгы үчүн университеттин эсебинен төлөнгөнү аз келгенсип, ректордун Франциядан алган “Илимдеги наам” жеке сыйлыгына 2000 доллар окуу жайдын эсебинен төлөнгөн. Мындай жыйынтыксыз иш сапарларга  2017-жылы 6 млн 230 797 сом чыгымдалган. Ректордун Кызыл-Кыя менен Баткендин ортосунда каттаганына, проректорлор Г.Мусурманованын Баткен–Исфана, А.Машрабовдун Сүлүктү–Баткен, К.Кадыровдун Ош–Баткен каттагандарына да төлөнгөн. Ошол эле учурда жөнөкөй окутуучуларга ушул эле багыттагы  иш сапарларга төлөнбөйт.

Ректор 150 км. Кызыл-Кыядан, Кадыров К. 240 км. Оштон барып келип иштейт. Машраповдун адистиги филолог болгондугуна карабастан экономика жана финансы боюнча проректор. Ал 160 км. Сүлүктүдөгү үйүндө жатып алып иштейт. 3 жыл аралыгында бир күн да ишке келген эмес. К.Кадыров өткөн жылы “ооруп” 6 ай ишке келген эмес, быйыл бир күн ооруу, бир күн соо. Мусурманова Г. Исфанадагы жеке бизнесине каттап, жумасына бир-эки күн гана иштейт. Жетекчилердин ишке болгон мамилеси ушундай болсо, калган иш кандай болмок эле.

Ректор үчүн кызматтык унаа 2017-жылы 1 1000 долларга сатылып алынган. Бул абдан кымбат болгон. Тендердин кандай өткөндүгү дайынсыз. Кызматтык унаага 2017-ж. 333900 сом жумшалган. 2018-ж. 7-октябрында ректордун шалакылыгынан машина Баткенден Кызыл-Кыяга түн жарымында баратып, масчылыктан авария болуп, шофер каза болгон. Андан бери шофер да жок, машина да жок. Үйлөнө элек жаш инсан мезгилсиз жайрап, кымбат баалуу машина кыйрап жатса, доо коймок түгүл, үн каткан жан болбоду. ГАИда үндөбөдү. Адам өмүрүн алган окуя болуп жатса, аны сурап-тескеген мамлекеттик уюм да болбоду?

Өлкөдө санариптештирүү саясаты күчөп жаткан мезгилде окуу жайда студенттер үчүн компьютер ж.б. заманбап техникалык каражаттар жок. 2017-ж. материалдык сатып алууларга 1 млн. 693300 сом жумшалган, бирок иш жүзүндө эч нерсе жок. 2017-ж. 362 миң сомго көмүр алынгандыгына карабастан, жылытуу абдан начар. Ремонтко 1 млн 45570 сом чыгымдалган, бирок ремонт болгон эмес. 2017-жылы 6 млн сом курулушка, 389600 мебелге, 89000 китеп алууга жумшалып, 2017-жылдын бюджеттин чыгымдалышы 86 606400 сом болгон. 2018-ж. бюджеттин чыгымдалышы 79 845109 сом. Элдин пешене теринен чогулган миллиондорду ичип-жеген, өз кызыкчылыгына жумшаган жетекчилердин жоопкерчилиги суралабы. Үч жылдан бери орточо ушундай сумма максаттуу коротулганда окуу жайы бир топ оңолуп калмак. 2018-жылы акча жок деген шылтоо менен окуу кааналары окутуучулардын күчү менен ремонттолгон. Окуу жана каржылык система электрондоштурула элек, AVNден дайын жок. Университеттин бюджети тууралуу ректорго кат жазганымда ректор бюджет боюнча маалымат бере албай тургандыгын, документтерде мыйзамга каршы иш аракеттер бар экендигин ачык эле моюндаган жооп кайтарган. Сыр сакталган бюджет коррупциянын гүлдөп өсүүсүнө шарт түзөт. БатМУнун өздүк эсеби же жылдык бюджети чыгаша киреше ж.б. бөлүктөрүн эч ким билбейт, жарыяланбайт. Отчёт эч кимге берилбейт. Жөнөкөй эле айлык акы тууралуу, кошумча төлөм тууралуу буйрук эч качан жана эч кимге көрсөтүлгөн эмес. Мынчалык сыр сактоонун максаты коррупциялык схемаларды иштетүү деп билебиз. Окутуучулар өздүк каражаттан 25-75% кошумча эмгек акы алышса, ректораттагылар 200-300% алат. Жогорку билимдүү окутуучулар 6-7миң айлык акы алса, шофер 20 миң алат. Акыйкаттык кайда?

Бири-биринин изин суута койбой текшерген мамлекеттик органдар: эсептөө палатасы, аудит, финпол, ЭКККБ, прокуратура, УКМК, ИИМ бир канча жолу текшергендерине карабастан, иш оңолгондун ордуна кайра оңкосуна кеткен. Бул органдардын эмне иш кылып, кантип кеткенин эч ким билбейт.Мамлекеттик мекемелерди текшерүүнү мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керек.

2017-жылы Баткен аймактык экотехинспекция тарабынан окутуучулардын эмгек отпускасына чыгуусунда буга чейинки жылдарда 8 күн аз төлөнүп келгендиги жана отпуснойду эсептөөдө орчундуу кемчиликтердин бар экендиги аныкталган. Ал былтыркы жылы бир аз оңолгону менен быйылкы жылда кайра таз кейпин кийип, мурдагы абалында калды. Окутуучулар 2018-ж. отпусканын акчасын сентябрь-октябрь айларында араң алышты.

Ректор ишке киришкенден бери оптималдаштыруу жүргүздү бирок, ал аягына чыкпай жеке кызыкчылыктарга бурулуп кетти. Анткени башкаруу, финансы иштерин оптималдаштыруу жүргөн жок. Жөнөкөй окутуучуга салыштырмалуу жетекчи көп. Башкы мекемеде окутуучулардын саны 29, ректоратта 46. Ректоратта 4 проректор, бир канча бөлүмдөр (окуу, илим, аспирантура, билим берүү округу, бухгалтерия, кадр, практика башчысы, эмгекке жайгаштыруу ж.б.) болгондугуна карабастан, ушундай эле түзүм бардык институт, коллеждерде кайталанган. Ректордун жардамчысы, катчысы, шоферу, кызматтык машинасы, кызматтык квартирасы ж.б. бир канча артыкчылыктары бар. Билим берүү округу 2008-жылы КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түзүлгөн. 4 штаттык бирдиги бар. Алар акыркы 7-8 жылдан бери кыпындай иш кылбастан айлык алып келе жатат. Булардын баары университеттин эсебинен каржылангандыктан, аны өкмөттүк деңгээлде кайра кароо мезгили жетти деп ойлойбуз. 

Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларындагы түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү абал мындан да кейиштүү. Ушундай жол менен кайсыл бир штаттарды кармоо, башкаруу да коррупциялык схема. Оптималдаштыруунун жүрүшүндө шаарларда жайгашкан имараттар, материалдык каражаттар, тууралуу маселе кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн чечилбей калды. Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларындагы институттардын имараттары БатМУнун балансындабы деген суроо жоопсуз турат.

А.Зулпуев келгенден кийин кызматтык орундарга конкурс, шайлоолорду өткөрө баштады. Бирок, шайлоолор баш аламан, мыйзамсыз болгондуктан, нараазычылыктар чыгып, шайлоо деген нерсе биротоло токтоду.  Андан соң ректор каалагандай өз кишилерин, туугандарын кызматка дайындай баштады. Кызыл-Кыядагы көп тармактуу институтуна жакындарын топтоп кландык башкарууга айлантты. Кызы Абдивап кызы Урматайым Экономика кафедрасынын башчысы, бир тууган иниси Зулпуев Султанали орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, күйөө баласы Юлдашев Бекболот окуу-маалымат бөлүмүнүн башчысы, күйөө баласы Кадыралиев Толкун директордун чарба иштери боюнча орун басары, ж.б.у.с. Аялы Дуйшоева Минавар БатМУнун Баткен көп тармактуу колледжинин директордун орун басары мамлекеттик тил боюнча адис. Бул кызмат мурда болбогондуктан ректордун жубайы үчүн гана түзүлгөн. М. Дуйшоеваны колледжде бирге иштегендер мурда көргөн эмес.

Кафедра башчысы, декан ж.б. жетекчилик кызматтарда илимий даражасы бар окумуштуулар иштөөгө тийиш. Бирок, бул орундарда ректорго “жакын”, илимий даражасы жок катардагы гана кызматкерлер иштеп келүүдө. Акыркы үч жылдан бери шайлануучу кызмат орундарына бир да конкурс болгон жок. Ректордун мындай өз билемдиги, мыйзамды сыйлабаган иш аракеттери окумуштуулардын укуктарын тепсеп, нааразычылыктарды жаратып, илимдин өнүгүүсүнө, ишке тоскоол болууда.

Өлкөдө демократиялык процесстер өркүндөп жатканда Окумуштуулар кеңеши ректордун кол баласына айланган. Анын курамы ректордун сунушу менен гана түзүлгөн. Кеңеште, же жалпы жыйында 3 жылдан бери ректор бир жолу да отчет берген эмес, финансылык иштер да каралбаган. 3 жылдан бери ректор жалпы эмгек жамааты жана студенттер менен бир жолу гана (жаңы келген учурда) жолугушкан. БатМУда кесиптик кошун жок. Бирок профсоюзга кармалган 1% взностун да дареги жок, аны да бир гана ректор билет. Сыйлыктарга көрсөтүүдө коомдук уюмдардын сунушу жоктуктан аны да бир гана ректор чечет. 2018-жылы 7 адам коррупция менен соттолуп, даңкы таш жарып жатса, аларды жок дегенде уяткарып койгондун ордуна, соттолгондордун бир тобуна ошол эле учурда мамлекеттик сыйлыктар берилди. Бул соттолгондорду актагандыкпы, же мактагандыкпы? Не деген мамлекеттик саясат? Не деген баш аламандык?

Баткен шаарындагы БатМУнун жаңы имаратын курууга 3000 орундук долбоор түзүлүп фундаменти башталган. Долбоордун жалпы суммасы 300 млн сом. Фундаментке 13 млн. сом каралып иш башталып, бирок, бүтпөй ташталып калган. Ага мамлекет тарабынан акча каралбагандыктан, анын бүтүшүнө эч кимдин көзү жетпейт. Экинчиден, минтип, студенттер азайып, группалар жыбылып жатса, анда ким окуйт? Азыр БатМУнун 3-корпусу эки жылдан бери бош турат. Анда окуган колледждин студенттери 2 км алыс аралыктагы 4-корпуска жөө каттап окушат. 1-2-корпустарда да бош кааналар арбын. Айтмакчы, 3-корпуска жеке менчик мед. колледж ачып, аны БатМунун каражатына ремонттоп, жабдып  койгон деген имиш бар. Анын башында да ректор мырза турат. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы, андан да жетекчи өз ишканасына каршы иш жасап жаткандыгы анык.

Ректор А.Зулпуев 3 жылдан бери 2018-жылы 28-июнда экономика темасындагы эл аралык конференцияны, 8-ноябрда Сүлүктүдөн тарта түштүк аймакты бүтүн чакырып, Оштогу 1,5 миң орундук хансарайда небересинин сүннөт тоюн өткөргөндүгүн эске албаганда бир да жарытылуу иш кылган жок. Жетекчилик, уюштуруу сапаттарга ээ эмес. Коррупциялык иштери өтө күчтүү. Мурда иштеген институндагы коррупциялык иштери да текшерилүүгө тийиш. Анткени БатМУнун бухгалтериясын бириктирүүдө мурдагы директорлордун каржы иштери боюнча маселе каралып жыйынтыгында директорлор сөгүш алып ректор А.Зулпуев директор учурунда каржылык мүчүлүштүк кетиргени менен сөгүш жаңыдан дайындалган директорго берилген.   

Билим берүү системасындагы жетекчилерге берилген укуктар жана милдеттер (жетекчилик, финансыны башкаруу ж.б.) өзүн актабай жаткандыктан, бул системаны мамлекеттик деңгээлде кайра карап чыгуу зарыл деп ойлойбуз.

Урматтуу Президент! Сиздин коррупцияга каршы күрөшүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатыңыз өлкөнүн эң алыскы аймагы болгон Баткен жергесине жетпесе, билим берүү жана илим жакшырбаса, Баткен облусундагы ири мекемелердин бири болгон, илим-билимдин ордосу болгон жогорку окуу жайынын жетекчилери Сиздин саясатыңызды колдоонун ордуна ага каршы иш жүргүзүп жатышса, анда Кыргызстан кантип өнүкмөк эле деген суроо туулбай койбойт.

БатМУнун эмгек жамаатынын атынан: Таиров Кубаныч Абдилазизович – БатМУнун ага окутуучусу. Баткен шаарынын тургуну.

PS. Бул кат КР Президентинин Катчылыгы тарабынан УКМКнын Баткен облусундагы Коррупцияга каршы кызматына жиберилип, азыркы учурда текшерилип жаткандыгы аныкталды. А.Зулпуев ректордук кызматта турганда текшерүүгө тоскоолдук болбошуна кепилдик жок. Ошондуктан, текшерүү мезгилинде ректор мырза кызматынан убактылуу четтеп турса мыйзамдуулук сакталып, адилеттүүлүк болмок.     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости