www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 6 миң 500дөн ашуун адам акциянын алкагында медициналык кароодон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайы, шаарда бекер медициналык кароо уюштурулуп, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы боюнча активдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 1-9-сентябрга чейин 6 миң 676 адам текшерилген, 4 миң 269у тар адистер тарабынан, 3 миң 507 изилдөө жүргүзүлгөн.

Коронавирустун мындан аркы жайылышын алдын алуу максатында өлкө боюнча ири акция жүрүп жатат. Анын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда хирург, офтальмолог, невролог, эндокринолог, кардиолог сыяктуу адистер жарандарды кароодон өткөрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости