www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиевдин бийлиги кезинде Адахан Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы катары протоколго кол коюп натыйжада, Баткендеги 275 метр жерди тажиктерлики катары таанып, кайра 49 жылга арендага алганын президент Садыр Жапаров өткөн пресс-конференциясында айткан, кол коюлган документти корсотуп туруп.

Бул билдирүүдөн кийин Адахан Мадумаровдун түштүктөгү, өзгөчө баткендик шайлоочулары кыйла азайып калганы айтылууда. «Факты өжөр нерсе» дегендей, ошол кездеги протокол катуу сокку катары урулду...

Экинчи жагдай, аз күн мурун Адахан Мадумаров 2010-жылдагы 7-апрелде каза табышкан 90го жакын азаматтарыбызга кайрадан эски пластинкасын айлантып, «акаарат келтиргени» көпчүлүк катмарга жаккан жок.

Бакиевдин үй-бүлөлүк, криминалдык кандуу бийлигине каршы аттанышкандар эркиндик, келечек үчүн октон да жалганышпай, аянтта сулап жатышты. Мадумаров шейит кеткендерге «мергенчинин огу тийген, артынан атылган» деген сыяктуу келелесоосу кыжырды келтирди.

Ак үй тараптан жана аянттагы күч органдарынын кызматкерлери ок чыгарышканы аларды Жаныш Бакиев жетектегени канча ирет айтылды, жазылды? Дал ушул жерден да Адахан акылдан азгандай аксап, бир капшыттагы шайлоочуларын жийиркентип алды.

Жыйынтыгында, алдыдагы парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын шансы азайып, көпчүлүктүн тескери бурулуп кетүүсу күтүлүп жатабы?

Көкөйгө тийгендей эле болот го?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости