www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунда өткөрүлүп жаткан "Нелегал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын алкагында социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүргөн жаран аныкталды.

Баткен ОИИБдин маалыматына ылайык, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери интернет тармагына жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө А. Масалиев айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга тиешелүү аудио-видео материалдарды жайгаштырып жүргөнүн аныкташкан.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгында аталган материалдардын экстремисттик мүнөзгө ээ экени тастыкталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости