www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Кубан ага, сиз алтын темасы боюнча маалыматтарды берип, гезиттерге макалаларды жарыялап, атургай китеп дагы чыгардыңыз. Алтын дегенде «Кумтөрдү» элестетебиз. Май айында чырдан башы чыкпаган, коррупцияга айланган «Кумтөр» кени Кыргызстанга кайтарылды, азыр өзүбүз иштетип жатабыз. Ушул жаатта эмнелерди айта аласыз?
— Ушул жылдын 17-майында Бишкектеги Октябрь районунун соту чечим чыгарды, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына экологияны бузганы үчүн штраф салынды — 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомго (доллар менен 3 миллиард). Мунун артында «Центерра Голд» деген уюм турат (канадалык инвесторлор). Соттун чечимине булар каршы чыгып, саботаж түрүндөгү аракеттерди жасап жатышат. «Бизди банкрот болду деп чечим чыгаргыла» — деп Нью-Йорктогу сотко кайрылды, бирок ал сот мындай арызды карабады. Эми азыр кыргыз тарап “каталарды» келтирсин деп аңдып турушат.
— Кээ бир саясатчылар «Кумтөрдү» улутташтырыш керек» деген демилге көтөрүп жатышат, бул туурабы?
— Туура эмес, улутташтыруу буларга “козыр” болуп берет да, ишти негизги багыттан тескери бурат. Азыр экология маселесин аягына чыгарып, 3 миллиард долларды «Центеррага» төлөтүш керек. Биздин сотубузду булар тоготподу, демек эл аралык сотко экология бузганы үчүн доо арыз менен кайрылып, инвесторду мажбурлаш керек. Ал эми азыр улутташтырсак, булар «келишимди бузду» деп бизди сотко берет. Биз үчүн бул «капкан» болот. Булар өлкөнүн экологиясына зыян келтирип качып кетишти, демек так ушул зыяндын негизинде соттун процесстери жүрүш керек. Биз башка нерселерге алаксып калсак, иш тескери кетет. «Центерра» азыр так ушундай «тескери» кадамдарды аңдышып, күтүп атат.
— Сиз алтын темасын 90-жылдардан бери жазып жатасыз. Бийлик сизди чакырып, кеңеш сурадыбы? Президенттин өзүнө же тегерегиндеги кишилерге өз позицияңызды жеткиргенге аракет кылдыңызбы?
— Ар бир президентке билдирдим, эч кимисине жакпады, себеби ар бири бул эстафетаны улап келди (чейрек кылымдан бери улашты) –«золотая эстафета». Башынан эле бир сунушту айтып, инвестор менен келишимди продукцияны бөлүштүрүү принципте түзгүлө, ушуга ылайык мыйзамды кабыл алгыла, Африканын моделин четке кагып, Европанын моделине өткүлө дегем. Угушпады. Себеби, жеке пайданы буларга «эстафета» камсыз кылып берген. «Мамлекеттин» ордуна «Үй-бүлөнү» тандаган ажо так ушундай жолду тандайт. «Продукция» деген бул алтындын куймасы, бул «пайыз» эмес, «акция» эмес, бул конкреттүү түрдөгү товар, бул улуттук банктын кампасында сакталат, бул инвестордун өлкөсүндөгү сейфтерде кагаз түрүндө сакталбайт. Жөнөкөй эле нерселерди айткам. Менин сөзүмдү баскан гезиттер чыкпай калышты — «Республика», «Свободные горы», «Асаба», «Учур», «Деньги и Власть»). Бул тема боюнча китепти бир гана кыргыз тилинде чыгардым (2014-жылы), орус тилинде чыгарууга коркушту, себеби инвестордон рекламалык акчаларды алышкан. Бул тема боюнча «НТС» деген телеканалда Кумтөр маселесин козгогондо, мен алып барган передачаны жаап салышты. Азыркы президент Садыр Жапаров мунун баарын жакшы билет, себеби Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссияны башкарып, иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган (ошол отчетту мага өз колу менен берген). Анан ал түрмөгө так ушул Кумтөр үчүн олтурган (үчүнчү ажонун мезгилинде). Бешинчи бийлик мени чакырган жок, мунун тегереги менден алыс болгон адамдар. Өлкөнүн кызыкчылыгына жакын кадамдарды жасашканын көрбөдүм, демек мен буларга жакындабайм. Керектүү болгон кадамдарды мен маектин аягында белгилеп кетейин.
— Алтын кенин иштетүүдө Заравшандан үлгү алышыбыз керектиги айтылып келет. Сиз муну терең билген кишинин бирисиз. Жагдайларын айта кете аласызбы?
— Заравшан бул Өзбөкстандын Навои областындагы алтын чыккан жер, «золотоносная река» деп орусча которулат. Алынган алтынды Навоидеги горно-металлургический комбинаттан афинаж кылышат. Бул комбинат мамлекеттин ишканасы. Буларда бизге окшогон акционерлик коомдор жок. Кеңдерди государственный комитет по геологии и минеральным ресурсам деген уюм тейлейт. 1992-жылы «Ньюмонт» деген америкалык фирма менен СП (совместное предприятие) түзүлгөн — 50 пайыз инвесторго, 50 пайыз өлкөгө деп бөлүнгөн келишим 15 жылдык мөөнөткө жазылган. 2007-жылы келишим аяктагандан кийин, ишкана толук бойдон Өзбекстанга өттү. Ушундай эле тартипте дагы бир алтын чыккан кен британиялык «Оксус» фирмасы менен иштетилди, бул дагы мөөнөтүн бүтүрүп чыгып кетти. 2020-жылы Өзбекстан 80 тонна алтынды өзү казып чыкты. Дүйнөлүк рейтингде бул өлкө азыр алтындын запасы боюнча (золотой резерв) 17-орунда. Ошол жылы Ташкент 11, 6 тонна алтындын куймасын сатты, муну экспорт деп коюшат. Монголия ошол жылы 6 тонна сатты.
— Ал эми биздин мамлекетчи?
— Биз алтындын куймасын өзүбүздүн менчик запас катары эч качан саткан жокпуз, себеби бизде эч качан алтындын тонналаган запасы болгон эмес. Алтындын продукциясын бөлүштүрбөсөк кайдагы запас. Анан бизде инвестор менен СП (совместное предприятие) түзүлгөн эмес, себеби Акаев «мындай бизге жарашпайт экен» деп “Кыргыззолото» деген мамлекеттик концернди «Кыргызалтын» деген акционердик коомго айландырган. Бизде 50% инвесторго, 50% өлкөгө деген ыкма менен келишим эч качан түзүлгөн эмес. Британиянын «Оксус» фирмасы бизге келип, Жерүйдү иштетүү боюнча келишим түзүп, Кумтөрдөн башкача модель менен ишти баштап, “50% силерге, 50% бизге” деген ыкманы сунуштаганда, ошол кездеги эки жетекчи (К. Бакиев менен Ф. Кулов) келишимди токтотуп, буларды өлкөдөн чыгарып салышты. Британиянын ошол кездеги премьер-министри Тони Блэр бизге кат менен кайрылып, «булар жакшы инвестор, булардын кылымдан бери келаткан позитивдүү тажрыйбасы бар, Кыргызстанга «Оксус» пайда алып келет» дегени да четке кагылды. Кыргыздын ажолоруна «позитив» кереги жок болчу, буларга бир гана «эстафета» керек эле, ошону жанталашып улантышты. Бул Садыр Жапаровго чейин уланды. Мына эми чатак менен токтоду. Албетте, үмүт жаралды, бирок алтындын эстафетасы мындан ары уланбайт дегенге кепилдик жок, бул ыплас иш башка нук менен уланып кетсе, анда орустун акыны айткандай, кыргыздар «вечный бой» дегенди улантууга мажбур болушат. Бирок, ишеним бар.
— Кендерди иштетүү боюнча мыйзамдар кабыл алынган, аларда кандай алешемдиктер бар? Маселен, бүгүнкү күндө Жерүй биздин пайдабызга иштеп жатат деп айта алабызбы? Кээ бир эксперттер «Жерүй» алтын кени да экинчи «Кумтөр» кени болот деген сын пикирлерге кандай карайсыз?
— Жерүй иштей элек, ал жерден алтын чыга элек, бирок инвестор менен (Россиянын инвестору) келишим түзүлдү. Бул жаңы шарт менен түзүлбөдү, себеби жаңы мыйзам жок, мурунку жол менен иштелди, Кумтөрдүн модели негиз болду, продукцияны (алтындын куймасын) бөлүштүрүү боюнча ыкма жазылбады. Минтип жазыш үчүн жаңы мыйзам керек. Эски мыйзам күчүндө турат, бул 2012-жылы кабыл алынган «Жер казынасы» деген мыйзам. 2002-жылы жазылган мыйзамды Атамбаевдин депутаттары жокко чыгарбай (муну Аскар Акаевдин «хитроумный» юристтери жазган), толук бойдон сактап калышкан жана дагы укмуш шарттарды инвесторго «төшөп» беришкен.
— Конкреттүү айтсаңыз?
— Анда мындай. Инвестордун иштөө мөөнөтү адегенде 20 жылга созулат, анан «ыктыяры» келсе «кеңдер бүткөнчө” узарат. Орусча мындайды «кабала» деп аташат. “Ыктыяр» болсо (алтындын куймасы колго агып турганда) кантип болбой калсын. Болгон үчүн 1994-жылдан 2021-жылга чеин «ыктыяр» уланды (27 жыл). Мынча болду аягына чейин айтып берейин. 2003-жылы Кумтөр боюнча мыйзамды бекитип жатканда, «Кумтөр Голд» ишкана «Центеррага» менчик болуп калган, ушундай чечим чыгарылды. Анан ушул чечимди 2009-жылы Жогорку Кеңеш ратификация кылды жана Конституциялык сот өз өкүмүн чыгарып бекитип берди. Анан «кыргыз өлкө мыйзамды сыйлаган өлкө» деп дүйнөгө мактандык. «Мыйзамды» сыйлаш үчүн шылуундарды сыйлаш керек экен, «оказывается». “Центерранын” жетекчиси Ян Аткинсон ошондо минтип сүйлөдү. Мына. “Договор дает право «Центерре Голд» заниматься добычей золота до 2042 года». Так ушул жылга чейин Кумтөрдүн алтынын инвестор менен ажолор ташымак экен (дагы 21 жыл). Ушнчасы жетиштүү го.
— Анда дагы бир суроо менен бүтүрөлү. Азыр бийлик эмне кылсын?
— Сатириктин тили менен айтсак, «эшектерди такалабасын». Тамаша. Мен сунуштарды айтайын. «Кыргызалтынга» окшогон акционердик коом бир гана «ушлый» инвестор менен «ловкий» ажолорго керек. Ушуну жоюп, мурунку мамлекеттик статусту ордуна коюш керек — Госконцерн “Кыргызалтын» деп. 2012-жылы кабыл алынган кендер боюнча мыйзамды жокко чыгарып, жаңы мыйзамды жазып, анан ошонун ичине «алтындын куймасы түрүндөгү товар инвестор менен тең бөлүнсүн — 50% инвесторго, 50% өлкөгө. Экологияга тийгизген зыянды компенсация кылууга багытталган сот процесстин аягына чейин чыгууга бийлик аракет кылсын. Кумтөрдөн түшкөн алтындын эсеби ачык жана таза жүргүзүлсүн, бул жагынан эч кандай бир “жылчыктарга» жол берилбесин. Алтындын куймалары улуттук банктын кампасына түздөн-түз түшүп туруш керек. Мамлекеттибиздин экономикасы дүйнөнүн тартиби менен иштеш үчүн Кыргызстан эл аралык рейтинг агентсвосунан каттодон өтүш керек. Өлкөдөн тыш жактарга кылмыш жол менен чыгарылып кеткен финансылык активдерди кайтарыш үчүн эл аралык финансылык группа менен келишим түзүп, ошол «активдерди» (акчалар, мүлктөр, имараттар) кайра алып келиш керек. Аталган группанын ушундайды кайтарып берүүгө тажрыйбасы бар. Кеп бир нече миллиард доллардын өлчөмүндө болуп атат.
— Бул маселелер боюнча кепти сиз менен дагы уласак керек. Буга өзүнчө бир интервьюнун «сериясы» керек. Ушуга макул болосузбу?
— Ооба, жайыттын баарын бир маек менен кантип бүтүрмөк элек. Сөздү дагы улайбыз. Конкреттүү жана керектүү маселелер. Өлкөбүзгө керек. Анда, рахмат, кезектеги кезигүүгө чейин.
Булак: Жаңы Ордо гезити