www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элине эсепчилердин кереги бар беле?

Ноябрь айы кыштын келе жатканын кабарлап, суук тартып бараткан ай. Мурунку кыргыз элинде ноябрь айында күн кадимкидей ызгаарлуу суукка айланчу экен. Кыргыз элинин учун кур койбоптур, Эсенбай эсепчи сыяктуу жылдыздарды карап, аба-ырайын так аныктаган адамдар болгон. Кээ бир адамдардын оюнча кыргыз элине эсепчилердин эмне кереги бар деген ой кыпчылып турат. Алар мурунку кыргыздарды азыркыдай шайма-шай маалыматтык бийиктиктен карашат. Ооба, телеберүу, үн алгыдан, ал эмес кол телефонду бурап койсо  аба-ырайы тууралуу алдын-ала үч-күнду сайрап турат. Мурун кыргыз элинде ушундай мүмкүнчүлүк бар беле? Ал кезде синоптик, метеоролог дегендер болгон эмес. Бир аймакта болсо бир эсепчи болгондур. Ошол эсепчи гана эсептеп аба-ырайын айткан. Эсепчи да жаңылган, кокус эсепчинин айтканы туура чыкпаса “Эсепчини жут алат” дешип ага көп ишене берген эмес. Ал эми дайыма айткандары дал келген эсепчилер да болгон, аларды бүт кыргыз эли сыйлашып, алыстан ат арытып келишип анын айткандарына саресеп салышкан.

Ушундай айтканы төп келген эсепчилердин бири Кочкор аймагындагы Мантышта 1850-жылы туулуп, ушул эле аймактагы Каройго 1941-жылы сөөгү коюлган Эсенбай эсепчи деген жашап өткөн. Ал кезде алдын-аланы көрбөй чайналып турган кыргыздар үчүн Эсенбай эсепчи бел болгон. Ал жылдыздарды карап, эсептеп отуруп бир жыл алдын-ала айткан. Боло турган кыштын катуу болорун, жаздын узакка созулуп жутка айланарын жылдыздар аркылуу аныктаган. Эсенбай эсепчиге жылдын кандай болорун блүү максатында алыстан адамдар келишип, аны алып кетишип, өз аймагындагы жерлерде быйыл кыш кандай болорун аныктап алышкан.

  Адам баласы жаралгандан тартып эле өз жашоо-турмушун табияттын шарттарына ылайык жөнгө салууга аракеттенип келген. Бир жыл ичинде жаңыланып турган өзгөчөлүктөргө жараша даярдык көрүп, кийинки жыл үчүн турмуштиричилигин пландаштырышкан. Жашаган аймактарындагы тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн, түздүк-өрөөндөрдүн жана түрдүү өсүмдүктөрдүн бар же жок болушу, адамдарды ошол географиялык чөйрөгө ыңгайлашып жашоого, кайсы мезгилде кандай айбанга аңчылык кылууну, кандай өсүмдүктөрдү тамак -аш катары пайдаланууну, кайсы мезгилде кайсы жерге көчүүгө боло тургандыгын билүүгө, өздөштүрүүгө түрткү берген. Буларды билүү менен жыл мезгилдерин туура аныктоо көчмөн элдердин өз жашоосун улантуусуна көмөкчү болгон. Ошондой эле сууктун түшүшү, кардын эриши, өсүмдүктөрдүн гүлдөшү сыяктуу табигый кубулуштардын жылдын белгилүү бир мезгилинде болушу, айбандардын жыл ичинде белгилүү бир убакта төлдөшү – адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, календарды жаратууда маанилүү белги катары кызмат кылган. Жылдыздардын, күн жана айдын белгилүү бир мезгилдеги абалы, тигил же бул натыйжаларга алып келээри жөнүндөгү тажрыйба-билимдери абдан пайдалуу болгон. Мына ушулардын арасында өзүнөн башка да бир күчтүн бар экендигин, бул ааламда жалгыз эмес экендигин адам баласы түшүнө баштаган. Натыйжада аларда ишеним, ынаным пайда болуп, ошого жараша жашоодогу жаңы жүрүм-турумдар, өз ара мамилелердин үлгү өрнөктөрү калыптана баштаган. Ал күчтү баалап, таазим кылуу максатында ага арнап курмандык чалышкан. Табият сырын терең билген адамдардын өкүлү Эсенбай эсепчинин ай календары тууралуу сөз кылдык. Жетинин айынын 15 жарыгы «чил арыш маалы», 15 караңгысы «токту тойбос, чөмүч кургабас маал» аталат. Ноябрь айы он үчүнөн тогойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости