www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга берген COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын кыйыр таасири катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, Кытай Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm препаратын бекер берген. Дары өлкөгө 19-мартта жеткирилген.

Препараттын сактоо мөөнөтү үч жыл, 2-8 градус жылуулукта кармалат. Вакцинаны сактоого жана колдонууга шарттар бар экени белгиленди.

Биринчи этапта вакцина медиктерге, соцкызматкерлерге, укук коргоо жана күч органдарына, ден соолугу начар кишилерге, анын ичинде кары-картаңдарга сайылат.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы эмдөө жарандардын каалоосунун негизинде жүргүзүлөрүн эскертти.

Sinopharm ("Синофарм") — коронавирус инфекциясына каршы Кытайда алгачкылардан болуп жактырылган вакцина. Ушул тапта аталган препаратты өз өлкөсү активдүү пайдаланууда. Аны бир катар чет элдик мамлекеттер да жактырган.

Препарат активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) коронавирустун негизинде жасалганы маалым. Бул вакцина жаратууда эң ынанымдуу ыкмалардын бири. Буга дейре ушул эле технология боюнча, маселен, дифтерияга, В түрүндөгү гепатитке, полиомиелитке жана көк жөтөлгө (коклюш) каршы вакциналар чыгарылган.

Аталган вакцина менен 65 өлкөдөгү 12 миллиондон ашык киши эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости