www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук комитети кечээ күнү, 16-сентябрда, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кармады. Ага – Кумтор боюнча экологиялык экспертиза даярдалып жатканда Экология агенттигине басым жасаган жана мыйзамдары бузуп, «Кумтор голд кóмпанинин» кызыкчылыгында чечим чыгарган деген күнөө коюлууда. Ал компания болсо Давыдов атындагы жана «Лысый» деген мөңгүлөрдү бузган жана андай аракеттерин мыйзамдаштырууга кыргыз бийлигин мажбурлаган.
Бирок баарыбыз билебиз – бир кездеги президент Аскар Акаев менен премьер Николай Танаев 2003-жылдын 31-декабрында Кумтөр долбоорун кайра түзгөндө, өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен ошол кезде вице-премьер болуп иштеген жалгыз Оторбаев ага каршы чыккан. Ал чечим менен канадалык «Камеко» компаниясынын ордуна ошондой эле канадалык «Центерра» пайда болгон, долбоордогу Кыргызстандын үлүшү болсо 67 пайыздан 33 пайызга чейин түшүп кеткен.
Демек, Оторбаев эмне болуп жатканын ошол кезде эле жакшы түшүнгөн жана 10 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин – ага өтө таасирдүү күч катуу басым жасаганынан улам гана экологиялык экспертизаны Кумтөрдүн пайдасына бурган деп божомолдосо болот. Андай күч ошол убактагы президент Атамбаев болушу мүмкүн. Эми Жоомарт, эгер мүмкүн болсо, тергөө менен кызматташып, Атамбаевдин ошол жана башка былык аракеттерин ачыкка чыгарса жакшы болот.
Жоомарт Оторбаев же Кубан Кулматов сыяктуу бир топ башка адамдын эң негизги катасы – алар бир кезде Атамбаев менен достошуп, анын тилине кирип алганы. Бүгүн 65 жаштык майрамын абакта белгилеп жаткан Атамбаев болсо Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө атайылап балта чаап, көптөгөн адамды өзү менен кошо мыйзамсыздык сазына батырып салган саясатчы.
Кумтөр боюнча экологиялык экспертизанын түпкү максаты – Кыргызстандын суу кодексине өзгөртүү киргизип, мөңгүлөрдү жок кылып жаткан канадалык компанияны жоопкерчиликтен бошотуу болгон. Ал кодекс 2012-, 2013-, 2016-, 2017- жана 2019-жылдары өзгөртүлгөн, азыр сөз болуп жаткан кошумчалар тууралуу мыйзам болсо 2017-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган.
Кодекстин «Мөңгүлөрдү коргоо» деп аталган 62-беренесине «Көмүр, күл же башка нерселерди пайдалануу менен мөңгүлөрдүн эришине же алардан чыккан суунун башка кандайдыр бир ыкмалар менен булганышына алып келген аракеттерге тыюу салынат» деген сөздөргө: «Давыдов атындагы жана Лысый мөңгүлөрүнө мындай тыюунун тиешеси жок» деген сүйлөм кошулган.
Даярдалып жаткан өзгөртүүлөр боюнча ошол 2017-жылдын 10-ноябрында «Парк-отелде» атайын тегерек стол уюштурулган жана анда чыгып сүйлөгөн депутат Айтмамат Назаров – мыйзам долбоору ошол убактагы премьер Темир Сариевдин колу коюлган өкмөттүн токтому менен кошо Жогорку кеңешке 2015-жылдын 14-майында келип түшкөнүн билдирген. Мыйзам биринчи окуудан 2015-жылдын 17-июнунда, ал эми экинчи окуудан ошол эле жылдын 26-июнунда өткөн.
2015-2016 жылдары премьер болгон Темир Сариев быйыл 3-августта кармалды. Ал тергөөчүлөргө – экологиялык экспертиза мен премьер боло электе эле даярдалган деп айтышы мүмкүн, Сариевге чейин 2014-2015-жылдары Оторбаев премьер болгон. Ошол эле учурда ал экспертиза Оторбаев премьердин милдетин аткаруучу болуп 2014-жылдын 26-мартында жана премьер болуп 3-апрелде дайындалганга чейин эле даярдала баштаганы да толук ыктымал.
Оторбаевге чейин болсо 2012-2014-жылдары Жантөрө Сатыбалдиев премьер эле. Атамбаев Кыргызстанды бийлеген 6 жыл ичинде 6 адам премьер болгон: Бабанов-Сатыбалдиев-Оторбаев-Сариев-Жээнбеков-Исаков. Өкмөт башчыларынын мынчалык аз убакыт иштегенинин себеби – былык иштердин изин кийин эч ким таба албасын дегенде жатышы мүмкүн. Аны менен катар, премьерлердин тез алмашканы менен аларды жоопкерчиликтен куткаруу да көздөлгөнү ыктымал.
Андай болгондо, Атамбаев жоопкерчиликтен кутулуунун кынтыксыз ыкмасын таптым деп ойлогон сыяктуу. Чечимдин баарын ал өзү кабыл алат, бирок ал чечимдерди ишке ашыргандар улам алмашып турат – ишти бир премьер баштайт, аны башка өкмөт жетекчиси бүтүрөт, ал эми жыйынтыктоочу документтерге үчүнчү премьер кол коёт. Чечим чыгарган президент аны менен – силерди эч ким кийин жоопко тарта албайт деген кепилдик бергендей.
Чечим кабыл алып, анын пайдасын президент көргөнү менен, андан да көп пайданы – Кумтөрдү иштетип жаткан компания табууда жана анын иши биринчи күндөн тартып коррупция менен коштолгон. Кумтөрдү иштетүү боюнча 1992-жылдын декабрында Канаданын Торонто шаарында алгачкы келишим түзүлгөндө, ошол кезде «Кыргызалтынды» башкарган Дастан Сарыгулов ага каршы чыгып, келишим текстинен алтымыштан ашык ката тапкан, бирок эки эле күндөн кийин жибип, кийин ал тууралуу эч нерсе дебей калган.