www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-ноябрда саат 18:42де Беш-Күнгөй айылындагы Кара-Гоо көчөсүндө жайгашкан үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Алоолонуп күйүп жаткан үйдөгү өрттү өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчү эки унаасы иштеди. Өрт кечки саат 22:05те өчүрүлүп бүткөн. 

80 чарчы метр аянтчалуу үй бүтүндөй күйүп кеткен. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өрт эмне себептен чыкканы териштирилип жатат.  Telegram социалдык каналдын колдонуучулары үй күйүп жаткан видеону жарыялашкан. Видеодо өрт өчүргүчтөр өрт менен күрөшүп жатканын көрсө болот. Алар өчүрүп жатканда үйдүн үстүнкү бөлүгү алардын жанына түшкөн. 

ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипова өрт өчүрүүчүлөр күн сайын өмүрүн тобокелге салышарын айтат.

“Мындай кырдаалдарда биздин куткаруучулар физикалык жана психологиялык жүккө дуушар болушат. Бирок, алардын жумушу кыргызстандыктарга коопсуздук камсыз кылуу. Ошон үчүн республиканын бүткүл жарандарын өзгөчө кышында өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырабыз”, -дейт Шерипова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости