www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) үстүнөн коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бекболот Советбеков билдирди.

Өзүнүн айтымында, 2020-жылы 29-декабрда борбор калаанын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси кызматы жарыяланган сынакка катышкан. Бирок сынактын жыйынтыгы менен макул эмес. Өзүнүн божомолунда сынактан өтүү үчүн тестирлөөдөн жетиштүү балл алган, бирок Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү анын баллын төмөндөтүп коюшкан болушу мүмкүн деп шектенип жатат.

Советбеков белгилегендей, МКК сынакка катыша турган адамдардын тизмесин жарыялаган. Бирок ал тизмеде сынактан өтүп, борбор калаанын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси кызматын ээлеген жигиттин аты-жөнү жок болчу. Угушуна караганда, ал жигит өз каалоосу менен кызматын тапшырган жана МКК кайрадан сынак жарыялаган. Бирок Советбеков ал катышкан сынактын жыйынтыгы бурмаланып же бурмаланбаганын билгиси келет.

«Мамлекеттик кадр кызматына кайрылганда ал жактан менин укуктарымды гана түшүндүрүп берип коюшту. Ошондуктан ушул жылдын башында УКМКга арыз менен кайрылгам. Бирок тергөө иштери ордунан жылбагандыктан, УКМКнын төрагасынын атына арыз жазгам. Бирок ал арыз да өз дарегине жеткен эмес. Ага байланыштуу тергөөчүлөрдүн үстүнөн арызданып Башкы прокуратурага кайрылгам.

Мен сынакка байланыштуу log-файлдарды алгым келет жана аны алууга мыйзамдуу укугум бар. Бирок МКК ал log-файлдарды бербей, менин жарандык укугумду тебелеп жатышат. Log-файлдардын жардамы менен кимдир бирөө сынактын жыйынтыгына кийлигишип же кийлигишпегенин аныктаса болот. Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин УКМК log-файлдарды алды. Бирок анда эмнелер аныкталганы белгисиз. Менин оюмча log-файлдар экспертизага жөнөтүлгөн болушу мүмкүн. УКМКнын кызматкерлери мага оозеки түрдө гана МККдагы тестирлөө үчүн пайдаланылган компьютерлер аралыктан башкарылып келгенин айтышты», - деди Советбеков.

Ал log-файлдарды алып, өзү дагы изилдеп көргүсү келип жатканын белгиледи. Ошондой эле баштаган ишин аягына чейин чыгарарын айтты.

Ал эми МККнын өкүлдөрү Советбековдун айыптоолорун четке кагышты.

«log-файлдар «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын карамагында, биз аны алып бере албайбыз. Ал жакта жарандардын жеке маалыматтары бар», - дешти алар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости