www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жогорку Кеңеш алсыз бийлик бутагы болуп калган”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--Жаңы долбоордо башка мамлекеттик мааниге ээ болгон кылмыштар боюнча шек жаралса, аны иликтөө үчүн атайын прокурор тергөөчүлөрү менен дайындоо укугу Жогорку Кеңеште болушу өтө маанилүү; Жогорку Кеңеш тарабынан президентке айып коюу процедурасы дагы жеңил болушу абзел. Мисалы: Конституциялык түзүлүш комитетинин, президентке айып коюу чечимин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн колдосо, коюлган айып Жогорку Кеңештин жыйынында такталгандан кийин, депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен президентти кызматынан четтетүү укуктары берилиши керек. Ошондо гана аткаруу бийлигинин башчысы президент жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү мыйзам чегинен чыккандан тартынып, арттарын карап, мыйзамдын алкагынан чыкпай иштөөгө аргасыз болушат. Мына ушуларды тизгин, баланс жана тең салмактуулук деп атайт. Ансыз болбойт, бул жерде Жогорку Кеңеш алсыз бийлик бутагы болуп калган ”, - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости