www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жансыз дене бүгүн, 13-апрелде табылган.

«Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана 87366 аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 10-апрелде Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы киши балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости