www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын санариптик трансформациялар министри Михаил Федоров 15-февраль күнү кечинде бир нече өлкөдөн, анын ичинде Өзбекстандын аймагынан мамлекеттик серверлер менен банктарга хакердик чабуул болгонун билдирди.

"Хакердик чабуулдар Орусия менен Кытайдан башталган. Бир секунддун ичинде эле 600 миңге жакын зыяндуу трафик жөнөтүп жатышты. Биздин адистер тез эле чабуулдардын "мизин кайтарды". Бирок көп өтпөй Чехия менен Өзбекстандын аймагынан чабуулдар башталды. Ал аракеттер да тез эле токтотулду. Чабуулдарды колдонуучулар сезген жок", — деп жазды Федоров Телеграм-каналына.

Ал хакердик чабуулган Украинанын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү, "Приватбанк" жана "Ошадбанк" сыяктуу бир катар мекемелердин сайттары кабылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости