www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары И.Масалиев менен Н.Никитенко парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишин көзөмөлдөө боюнча комитет түзүү демилгесин көтөрүшүүдө. Алардын ою боюнча, андай комитетке ар фракциядан бирден депутат кириши керек экен.
Биздин оюбузча, андай комитет түзүлсө, улуттук коопсуздугубузга аябагандай чоң зыян келет, анткени 3 депутат билген маалымат бир жуманын ичинде бүткүл Кыргызстанга гана эмес, андан чет жактарга да таркап кетерин бөркүбүздөй көрсөк болот. Ушундан улам, бир окуя эске түшөт.
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде атом бомбасын жасоо боюнча алгачкы иштер Англияда башталганы белгилүү. Бирок 1942-жылга чейин 700 миллион фунт стерлинг жумшалып, анан ал долбоор АКШнын долбооруна бириктирилгендигине карабастан Англиянын парламенти ал жөнүндө билген да эмес. Кийин АКШдагы атом бомбасын жасоо боюнча 160 миңге жакын адам иштеген “Манхэттен долбоорун” деле президенттен, коргоо министрлигиндеги беш-алты адамдан башка эч ким билбеген.
Каржылоо - коргоо министрлигинин бюджетинин аскердик техникаларды даярдатуу боюнча беренелеринде жүргүзүлгөндүктөн конгрессмендер ал жөнүндө шек санашкан да эмес. Өлкө парламенттик, парламенттик-президенттик башкаруу формасында болгон күндө деле айрым маалыматтарды мамлекет башчысынан, же анын рангасындагы премьер-министрден башка эч ким билбегени оң.
Эгерде мамлекеттик жашыруун сырлар тилдеринен чаң чыгарганды жакшы көргөн, ооздорунда кепилдери жок депутаттарга чейин белгилүү боло баштаса, анда алар жашыруун болгондон калып, УКМКнын айрым бөлүмдөрү иштей албай калыша тургандыгын эстен чыгарбасак.
Эл өкүлдөрү коррупция уялаган калган тармактарды жакшылап көзөмөлдөп беришсе деле ыраазы болот элек. Мындай демилгенин кайдан чыгып, ага кимдер кызыкдар болуп атканы айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Коррупцияга малынгандар, ишмердигин текшере келсе өлкө казнасына кол салып, акча «сологондор», коррупцияга каршы күрөш минтип улана берсе, өзү да темир тор артына олтуруп калышы ыктымал экенин аңдагандар.
Андайлар ЖК депутаттардын, үлкөн аткаминерлердин арасында да бар. Албетте, өлкө башчынын кол коюусуз андай мыйзам долбоордун өтүүсү кыйын. Президент коррупциянын тамырына балта чаап, ага бөгөт коюуга чындап киришкен учурда, аны артка тартчу мыйзам долбоорун эч качан колдобой турганын бөркүбүздөй көрөлү. Бирок мыйзам долбоору эгерде жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө жете турган болсо, биз, эл, коомчулук кайсыл депутат коррупция менен күрөшүүгө каршы экенин билүүгө мүмкүн болот.
Булак: NazarNews.kg