www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, начар башкаруу жана салык органдарынын ишин көзөмөлдөө көйгөйлөрү, ошондой эле салык төлөөдөн баш тартууга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келет.

«Салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнүн азаюусу – бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы, буга байланыштуу силер, экономикалык блокко жооптуу болгондуктан, мыйзамдарды жакшыртып, кыйла активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын күчөтүүгө тийишсиңер. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепсиз ташуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна бир кыйла таасир берет жана берип келгенин белгилеп, жакын арада кабыл алынган чаралардын жыйынтыктары Өкмөттө кайрадан караларын баса көрсөттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости