www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Акбалык Жумалиева талкуу чордонунан түшпөй келаткан түкүрүккө чыккан мыйзамдар тууралуу өзүнүн пикирин төмөнкүдөй билдирди.

"Канча жийиркенсенер да, жазба десенер да атың өчкүр "түкүрүк" тууралуу эки ооз кеп. 
Бул нерсе тууралуу мен "түкүрбө" акциясы баштала электе жазайын деп жатсам жаштар ал маселени козгоп калышып ошол бойдон калган эле. 

Элибиз мурда адептүү, маданияттуу болгон экен. Коомдук жайларда тартип сакталчу эле. Ал эмес семички чаккандарды да бири бирин айтып тыйып турушаар эле. Акыркы 10-15 жылда өтө балит сөздөр менен сөгүнгөн, түкүрүп какырынган адамдар (көбүнчө жаштар) көбөйдү. Тарбиядан аксадык. Үйдө да, мектепте да тарбиянын начардыгынан ушул көрүнүштөр орун алууда. Баратсаң эле алдындагы адам "балч" этип түкүрүп кете берет. Кандай реакция кылаарынды да билбей каласың кээде. Жашыраак балдарды көргөндө тартипке чакырып да жүрдүм, арасында уялып калгандары да болот.

Балким ал жаштар бул нерсе жеткен маданиятсыздык экенин билишпейт чыгаар. Ушул жолдор менен тарбияланбасак өтө эле тартипсиз эл болуп кетпедикби. Ошондой болгон күндө да штрафтан мурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек эле.

Анан калса бул штрафтардын максаты экономиканы эмес, элдин маданиятын көтөрүү болуусу керек. Ошондуктан жаза катары акча эмес, коомдук жайларды, көчөлөрдү тазалоо иштеринде белгилүү мөөнөткө иштетсе жакшы болмок. Эки иштен бир иш демекчи тартип жана тазалык акырындан сабак болуп чечиле бермек"- деди ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости