www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын сотко беришти. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Медиа эксперттер басма сөз каражаттарына миллиондук доолорду коюу өнөкөтүнүн уланып жатканын сынга алышууда. Медиа полиси институту сотто “Апрель” телеканалынын кызыкчылыгын коргоого даяр экенин, бул иш сот тутумуна жана жаңы бийликке сыноо болорун эскертүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалына 10-декабрда курган маегине байланыштуу үч саясатчы Свердлов райондук сотуна кайрылды.

Доогерлердин өкүлү Динара Ашимова кабарлагандай, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президенттен интервьюда айткандарын төгүндөп, кечирим суроону жана моралдык чыгым төлөөнү талап кылып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости