www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын өкмөтү “Чоң жетиликке” кирген мамлекеттер Амазониядагы өрт менен күрөшүү үчүн сунуштаган каржылык жардамды алуудан баш тартканын билдирди.

“Чоң жетилик” саммитинде Франциянын президенти Макрон токойдогу өрт менен күрөшүү үчүн 22 миллион доллар жардам берүүгө даяр экендигин маалымдаган. Бразилиянын бийлиги жардамдан эмне үчүн баш тартканын түшүндүргөн жок, бирок, өлкө президенти Жаир Болсонару Францияны Бразилияга карата колониалдык мамиле кылып жатат деп айыптаган.

Бразилиянын Коргоо министри Амазониядагы өрттөр көзөмөлдө деп билдирди. Ал эми президенттин администрациясынын башчысы Оникс Лорензони: “Рахмат албетте, бирок, мүмкүн бул каражатты Европадагы токойлорду сактоого жумшоо керектир. Макрон чиркөөдөгү өрттүн болушунун алдын ала албагандан кийин кантип өрт өчүрүү керек экендигин бизге үйрөтмөк беле?”, -деп апрель айында Париждеги Нотр-Дамдын өрттөлүп кеткенин кыйытты.

Эске салсак, акыркы күндөрү Бразилия менен Франциянын президенттери бири-бири менен кайым айтышып келе жатышат. Ал эми “Жер планетасынын өпкөсү” аталган Амазониянын токойлору бир нече жумадан бери өрттөнүп, аны өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости