www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Достуктан айланып кетпейби...

Атамбаев менен Жээнбековду дос дегендерге таңкалам. Ал эми Жээнбеков досун сатып кетти деген пикирлерди окуп, ошондой сандырак сөздөрдү өздөрү жазгандардын чын эле мээлери иштебейби деген ойго келем.

Дос деген бул абдан ыйык мамиле. Достукту эптеген адам күтөт. Сөз башынан болсун:

-Атамбаев Жээнбековду мураскорум деп президент кылып койгондо, өзүнүн жон терисинин камын жеп койгон да, Жээнбековду жакшы көрүп коюптурбу? Жээнбеков жоош, былбыраган, менин айтканыман чыкпайт деп коюп олтурбайбы. Дос ошондой болобу?

-Шайлоо өтөрү менен Атамбаев:"Жээнбековдун шайлоого чейин кадыры 3% эле, мен шайлоо учурунда 53% ке чыгарып койдум дебеди беле, дос ошентип айтабы?

-Жээнбеков президент болуп олтурса, аны карай турган  телехранителдерди  бүт   өзүнүн үйүнө чакырып алып өзүн кайтарткан досту дос деп айтабы?

-Минскиге барба, Назарбаев менен мамиле кылба деп караөзгөйлүк мамиле жасаган адамды дос деп болобу?

-Эмне, Жээнбеков Атамбаевди согуш тааласында жарадар таштап кетип саткындык кылдыбы, же ачарчылыкта өзү жеп, Атамбаевди ачка коюп саттыбы?   

Эмне Кыргызстан Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы менчик бизнес компаниясыбы, эки дос ары бери түрткөндөй. Болгону, Жээнбеков Атамбаевдин  жолу  менен кеткиси келбеди.

Ага адамдык намысы, ата энесинен алган тарбиясы, ага ишенген бүткүл кыргыз элинин ишеничи жол койбоду. Дал ушул аракети үчүн Жээнбековду сыйлашыбыз керек, анын кандай президент экенине карабай. Эч ким президент болуп туулбайт. Акыркы отуз жылда кандай гана президенттерди көрбөдүк.

Салт боюнча таякты сайып койсо да баш ийишибиз керек. Эгер эле Атамбаевдей коррупционер ууруга алты жыл чыдаган болсок, анда Жээнбековду бүгүндөн колдошубуз керек. Ал эми бул эки адам эч качан дос болушкан эмес, болушпайт дагы, себеби бири бирине 180 градус карама каршы адамдар. Журналист Шамурза Борукуловдун ачуу чындыгы “КабарИнфо” гезитинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости