www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнюек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегамини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү, анын ичинде саясий, соода жана инвестициялык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана келечегин кылдат карап чыгышты.
Министр Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрында Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды пландуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Масаки Икегами япон тараптын мындан ары саясий байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө даярдыгын билдирди.
Маектештер ошондой эле "Борбордук Азия+Япония" Диалогунун алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.
Булак: NazarNews.kg