www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп жаңы ишке киришкен Маэда Сигэки алгачкы ишин кыргызстандыктарга өзүн тааныштыруу менен бирге эки элдин ортосундагы достукту, экономикалык байланыштарды болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, бекемдөө аракеттерин жасаарын айтып баштады.
Төмөндө анын кыргызстандыктарга кыргыз тилинде жасаган кайрылуусун беребиз:
- Баарынан мурун элчиликтин ишине колдоо көрсөтүп, шериктеш болгондугуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем!
Менин атым Маэда Сигэки. Мен Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси катары кызматымды баштадым.
Менин элчи катары ишим мен учуп келген күндүн эртеси эле тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков мырза менен жолугушуудан башталды. Ал эми алты күн өткөн соң ишеним грамоталарымды президент Сооронбай Шарипович Жээнбековго тапшырдым.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү мени тез арада кабыл алгандыгы, жолугушуу үстүндө мамлекет башчысы тарабынан Японияга карата айтылган үмүттөрү, Япония менен өзгөчө мамиледе экендигин тастыктайт жана мага чоң жоопкерчиликти артат. Мен күнүгө кыргызстандыктардын жылуу меймандостугуна жана ыраазычылыгына күбө болуп жатам, ушул мамлекеттин жыргалчылыгына иштөө мени кубанычка бөлөйт.
Япония менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна быйыл 27 жыл толду. Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер саясат, экономикалык шериктештик, маданият, адамдар ортосундагы алака, ж.б. ар кайсы тармактарда туруктуу өнүгүп келди. Башка жагынан алып карасак, эки тараптын тең оюнда экономика жаатындагы шериктештиктин, өзгөчө жеке ишкерчиликтин потенциалы толук кандуу ишке ашырылбаган сыяктуу таасир калды. Өзүм тараптан болсо, болгон күч-аракетимди биздин мамлекеттердин ортосундагы мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү жана күчтөндүрүү үчүн буга чейин 38 жыл аралыгында JETRO уюумунда топтогон билим жана иш тажрыйбамды максималдуу колдонуп, өз милдеттеримди так аткарам деп ишендирип кетем.
Кыргызстандын жана Япониянын элдери мурун бир болуп, кийинчерээк өз-өзүнчө ар кайсы тарапка бөлүнүп кеткен деген уламышты мен көп угам. Эт жегенди жактыргандар тоо тарапка кетип, кыргызстандыктардын ата-бабалары болуп калган, ал эми балыкты жактыргандар деңиз жакка кетип, япон болуп калган. Көчөдө өтүп бараткандарга жолуккан сайын же кыргызстандыктардын Японияга карата жылуу мамилелерин көрүп, мен бул имишке ишенип кетем.
Мен бир кезекте «ага-ини» болгон элди жылуу достук бириктирип жана мамлекеттердин өнүгүүсүнө багытталган эки тараптуу колдоо болушу үчүн көпүрө болуп берүүгө аракеттенем.
Сиздердин колдоого, шериктештик жана меймандостугуңарга үмүттөнөм!”, -деп жазат анда Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки.
Эскерте кетсек, Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Маэда Сигэкинин ишеним грамотасын президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg