www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарындагы «Алинур-3» турак жай комплексинде курулуш люлькасынын тросу үзүлүп, эки жумушчу каза болду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 8-сентябрда саат 14:17 чамасында Малашов көчөсү, 15б дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде болгон. Трос үзүлгөн учурда жумушчулар имараттын фасадында жасалгалоо иштерин жүргүзүп жатышкан.

11-кабаттын бийиктигинен кулап кеткен 2003-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Т.М. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Бул факты Манас ШИИБинин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Последние новости