www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда Кыргызстанда “купи-продай” акциясынын токтоочу түрү жоктой Кызарган жерди баса калып, амалы бары сатат , капчыктууусу алат. Тагыраагы, оболу ижарага алдым деп элдин башын айландарып ат тезегин кургатпастан, менчиктеп алат да каалаганын жасайт.Бул махинация кечээ күүчүнө кирген жери жок. Ал кыргыз бийлигинин канына сиңип бүткөндүктөн, дарты күчөп, шыпаасын эч ким таба албай жатат. Кайран эл какшап-какшап кала берет. Кокустан коррупциялык ыкмалары суу кечпей торго илинип калса, ошол кызыл кекиртек шол замат менин алдымда актыгым жагынан сүт да теңтайлаша албайт деп көкүрөгүн ушунчалык кагат дейсиң, жакаңды кармап өзүң уялып да кетесиң.Өтө машыгышып алыштыр.Же тойушса, же койушса....

Мисалга, Азамат Арапбаев деген депутат бар. Шул жигит эки дүйнө тойбос болду.Кызарган эле жер болсо бүттү, баса жыгылат. Үйүндө акча жасоочу станогу бар сыягы дегендер да жок эмес. Эми анын түгөнбөс байлыгын санап жүрбөйлү.Эң соңку, ушул тапта жүзө ашырып жаткан “операциясын” ортого сала кетели.

Ал Ош шаарынын мэри Сарыбашевдин колтугуна кайсыл жагынан киргенин азырынча бир өзү, анан шол мэр билет. Мэрдин башын айланттыбы же анын кызыл кекиртеги секирип кеттиби... билбейм, бирок 5,5 гектар аянтты ээлеген Комарово пионер лагерин кудум Арапбаевге ижарага берүүгө “хоп майли” деп ийиптир десең. Пинер лагери дегенди ким билбейт, каникул жакындап калды, балдар эс алууга жер издеп, оштуктардын дээрлик көбү балдарын ушул “Комарова” лагерине жөнөтүп турушчу. Биринчиден анча алыс эмес, ата-эненин көңүлү да тынч....

Мэрдин койгон бир колунан кийин ал лагерге жаназа окуп койсо боло берет. Ижара дегени кадимки эле махинация... Эң кызыгы, ушул лагерди ижарага бер деп мэрге кирген башка бир инсанга “бовойт”, ал деген балдардын эс алуучу жайы деген мэр, Арапбаев кирсе эле “хоп майли “дегени неден каңкуулайт? Албетте, коррупциялык ыкмадан. Ал деген жылына 400-500 миң ижара акысын төлөйт дегенинин өзү жөө жомоктон. Эмне, башкасы төлөбөй коймок беле.

Анткени, кеп башкада, ой да таптакыр башкада. Эл көзүнө эле жасалган ыкма. Кийин “банкрот” дегенди ойлоп чыгат да Арапбаев кезектеги “шедеврин” жарата баштайт. Абдан кооз, экзотикалык жерге, болгондо да “Ак-Бууранын боюна нени гана салса болбойт.Арапбаев “Барборосс”планын эбак эле иштеп чыкпаса, мындай кадамга барбас болучу.

Эпсиз байуу жана башка беренелер Арапбаев жана Сарыбашевди ойлонтуп да койбойт шекил. Кудайдын колтугунда жүргөндөй сезишкендиктен, эң башкысы жоопкерчиликтин жоктугунан улам мына ушундай “итчилик” дале болсо жыргап гана жашап келет кыргыз жергесинде.

Премьрибиз тигинтип бажасын байыта албай жатса, айла жок президентке кайрылууга туура келет окшойт. Бирок, президент мындай маалыматты угат болду бекен, же ал да Сарыбашевге “азаматсың” деп көкүүрөгүн кагып, Арапбаев экөөнө тең орденди кармата береби? Айтуу кыйын. Бирок кулак кагыш кылуу баары бир милдетибиз.Укса, укпаса өзүнө... башкысы эл укса болду.

Анаркан Чолпонова

Булак: "Кабар инфо"

Последние новости