www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай кабар Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов баштаган делегациянын Ташкенттеги жумушчу сапарында айтылды. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин болгон сапардын алкагында 2017-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда жетишилген өкмөт аралык макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды. Мындан сырткары, ишкерлик байланыштарды түзүү, соода, транспорт, өнөр-жай тармагында кызматташуунун келечеги тууралуу сөз болду.

Жолугушууда айыл чарба жабдууларын, жеңил автоунаалар менен автобустарды кураштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле, өлкөнүн түштүк аймагына машина-техника станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жанданган. 2017-жылы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде эки мамлекетке тең бир катар иш сапарлар болуп, макулдашуулар түзүлгөн. 

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости