www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы менен 58 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу аталган мекмеден  кабарлашты.

Маалыматка таянсак, былтыр салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө 82, электрондук почтадан 46, ишеним телефонуна 48 жана ЖМКлар аркылуу үч билдирүү жөнөтүлгөн.

"Кайрылуу жана даттануулардын 119 салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу болгон. Ал эми ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы боюнча 29 маалымат түшкөн. Калганы ар түрдүү маселелер. Арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн натыйжасында 55 факты аныкталып, үчөө жарым-жартылай тастыкталган, бирөө каралып жатат. 56 билдирме тастыкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Такталган фактылар боюнча Салык органдарынын төрт кызматкери жумуштан бошотулду. 10 катуу сөгүш, 16 сөгүш, 17 эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан мыйзам бузуулар тууралуу 29 кайрылуунун ичинен 11 факты тастыкталып, экөө жарым-жартылай ырасталган. Аларга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. 16 арыз боюнча айтылгандар тастыкталган эмес.

Жарандар салыкчылардын иштери жана салык мыйзамдарын бузган ишкерлер боюнча төмөнкү даректер аркылуу даттанса болот:

Ишеним телефону: 0 (312) 61-31-89

Түз байланыш: 0779 61-31-89

Электрондук дарек: [email protected].

Мындан тышкары, коомдук кабылдамага келип кат жүзүндө же оозеки кайрылууга болот. Салык кызматы түшкөн даттануулар боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости